Теңир-Тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with ''''Теңир-Тоо''' - (башка аттары Ала-Тоо, Тянь-Шань)'
 
No edit summary
1-сап:
'''Теңир-Тоо, Ала-Тоо, [[Тянь-Шань]]''' – Орто жана [[Борбордук Азия]]дагы тоо системасы. 40° м-н 45° түндүк кеңдиктердин, 67° м-н 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Теңир-Тоонун батыш жагы негизинен [[Кыргыз Республикасы]]нын, түндүк жана батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, [[Тажик Республикасы]]нын, чыгышы [[Кытай]]дын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км). Түндүктө Теңир-Тоо Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Алатоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу менен туташат. Теңир-Тоонун батыш бөлүгүнүн түндүк жана түштүк чегаралары болуп адатта Иле жана Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Тенир-Тоо түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары менен чектелет.<br>
'''Теңир-Тоо''' - (башка аттары [[Ала-Тоо]], [[Тянь-Шань]])
Теңир-Тоо көбүнчө кеңдик же ага жакын багытта созулган тоо тизмектерден турат; борбордук бөлүгүндө гана меридиан багытында жайгашкан тоо (Меридиан кырка тоосу) бар. Бул кырка тоо Батыш (Кыргызстандын аймагында) Теңир-Тоо менен Чыгыш (Кытайда) Теңир-Тоонун табигый чегарасы болуп саналат. Теңир-Тоонун бул бөлүгү Борбордук Теңир-Тоо деп аталып, мында бийик чокулар жайгашкан: [[Жеңиш чокусу|Жеңиш чок]]усу (7439 м), Кантоо (6995 м). <br>
Теңир-Тоо төмөнкү орографиялык облустарга бөлүнөт: Түндүк Теңир-Тоо Кетмен кырка тоосу (бир бөлүгү Кытайда), Иле-Алатоосу, [[Күнгөй Ала-Тоо]], Кыргыз Алатоосунан турат; Батыш Теңир-Тоо Талас Алатоосун, түштүк-батышында ага тутумдаш жаткан [[Чаткал тоо кыркасы|Чаткал]], Пскем, Угам кырка тоолорун, о. эле Каратоону ичине камтыйт. Фергана өрөөнүн курчаган тоо кыркалар, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталы кошо, кээде Түштүк-Батыш Теңир-Тоо деп да аталат; Кыргыз Алатоосунун жана [[Ысык-Көл]] өрөөнүнүн түштүгүндөгү Ички Теңир-Тоо түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Ички Теңир-Тоо Борбордук Теңир-Тоодон бөлүп турган Акшыйрак массиви менен торолгон. Түндүк жана Батыш Теңир-Тоонун тоо кыркалары чыгыштан батышка карай акырындык менен 4500–5000 мден 3500–4000 мге (Каратоодо 2176 мге) чейин жапыздайт; капталдары асимметриялык түзүлүштө: Иле, Чүй, Талас өрөөндөрүнө караган түндүк капталдары узунураак, капчыгайлар менен өтө тилмеленген, салыштырма бийиктиктери 4000 мге чейин жана андан да бийик. Ички Теңир-Тоонун ири кырка тоолору: [[Тескей Ала-Тоо]], Борколдой, Ат-Башы кырка тоолору (4500–5000 мге чейин), Какшаал тоо тизмеги (Данков чокусу 6982 м). <br>
 
Чыгыш Теңир-Тоодо кеңдик багытында созулган өрөөндөр ж-а чуңкурдуктар менен бөлүнгөн кырка тоолордун 2 тилкеси даана байкалат. Негизги кырка тоолордун бийикт. 4000–5000 м; түндүк тилкенин тоо кыркалары – Борохоро, Иренхабырга, Богодоула, Карлыктоо 95° чыгыш узундукка чейин созулат. Түштүк тилкеси кыскараак (90° чыгыш узундукка чейин гана); негизги кырка тоолору – Халыктау, Сарминула, Куруктаг. Чыгыш Теңир-Тоонун этектеринде Турпан (тереңдиги деңиз деңгээлинен төмөн, 154 м төмөн жайгашкан). Хами чуңкурдуктары орун алган түштүк тилкесинин аймагында Баграш көлү жаткан тоо арасындагы ойдуң бар.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Кыргызстандын географиясы] ISBN 9967-14-006-2 <br>
 
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:География]]
[[Category:Борбордук Азия]]
[[Category:Тоолор]]
[[Category:Тумар-2011]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Теңир-Тоо" булагынан алынды