'''К'''. көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, '''ак калпак''' деп аталган. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Барабара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп , көркөмдөлө баштаган.