Ноокат өрөөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " (согда тилинде ноо, нов — коо, колот; кат — кыштак, шаар, квартал; ойдуңдагы кыштак; же ноо — жаңы..."
 
No edit summary
1-сап:
(согда тилинде ноо, нов — коо, колот; кат — кыштак, шаар, квартал; ойдуңдагы кыштак; же ноо — жаңы; жаңы кыштак) [[Алай району|Кичи Алай]] кырка тоосунун түндук тарабынан орун алган. Узундугу 45 км, туурасы 12 км. Батышы менен чыгышы үч бурчтук формасында куушурулуп, туурасы 1,5–2 кмден ашпайт. Ортосу 18 кмге чейин кенен. Таманы деңиз деңг. 1200— 1700 м бийиктикте жатып, аны курчаган тоолор менен адырлар салыштырмалуу 300– 800 мге көтөрүңкү. Чилисайдын шиленди- лерине толгон, чыгыш Кыргызатанын нугуна эңкейиштейт да, акырындык менен бийиктеп, Көкбел жана Белөрүк адырларына өтөт. Таманы сайлар менен тилмеленип, тектирлүү, түндук-чыгышка карай эңкейиш. Таманы чыгышында неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, гипс, батышында төртүнчүлүк мезгилинин шагыл, кум, чопо ж. б. тектерине толгон. Климаты континенттик, январдын орто температурасы —6...– 10°С, июлдуку 24,4°С, жылдык жаан-ча- чыны 300 мм. Ири суулары: Косчан, Шаң- кол, Кыргызата, Чилисай. Таманына кургак талаа жана талаа, каптал беттерине арча, бадал аралашкан шалбаалуу талаа жана шалбаа ландшафттар мүнөздүү. Өрөөндө тамеки, дан жана көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш өстүрүлөт.
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Кыргызстандын географиясы] ISBN 9967-14-006-2 <br>