Карбытоо тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Карбытоо, тоо - Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Каракол ж-а Кайың- ды сууларынын (Нарын..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 09:15 учурдагы нуска

Карбытоо, тоо - Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Каракол ж-а Кайың- ды сууларынын (Нарындын сол куймалары) аралыгында батыштан чыгышты карай 31 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3300–3500 м, эң бийик жери 4129 м. Суу бөлгүчү кырдуу, аска-зоокалуу, мөңгүлүү. Капталдары тик, кыска жана терең кокту-колоттору бар. Тоонун чыгыш бөлүгү пермдин конгломерат, кумдук, акиташ тек- теринен, батыш бөлүгү үстүнкү карбондун алевролит, сланец, акиташ тектеринен турат. Жарым чөл, кургак талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү талаа жана шалбаалуу талаа (2300–2400 мге чейин), шалбаа-бадалдуу токой (2700–2800 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы (3000– 3100 мге чейин), гляциалдынивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар