Коллектор, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Коллектор, тоо – Алай кырка тоосунун түндүк тармагы. Шаймерден жана Сүрмөташ сууларынын (Исфай..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 09:37 учурдагы нуска

Коллектор, тоо – Алай кырка тоосунун түндүк тармагы. Шаймерден жана Сүрмөташ сууларынын (Исфайрамсайдын сол куймасы) аралыгында жайгашкан. Батыштан түштүкчыгыш жана түндүккө карай жапыздап, 55 кмге созулат. Туурасы 13–15 км. Орточо бийиктиги 4300–4600 м, эң бийик жери 5259 м (Талкуш чокусу). Кыры аска-зоокалуу; ири мөңгүлөрү (Егоров, Дугов ж. б.) бар; капталдары өтө тик, терең жана тар капчыгайлуу.

Бийик батыш бөлүгү пермдин сиенит-диорит, диорит жана гранит-диорит, ортоңку бөлүгү девондун доломит, доломиттүү акиташ теги, жапыз түндүк чыгышы карбондун конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен түзүлгөн. Тоого негизинен талаа (1800– 1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа жана шалбаалуу токой (арча менен бадалдар; 1900–2900 м), субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа жана сейрек бетегелүү талаа (2900–3300 м), түбөлүк кар мөңгүлүү гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар