Курама, кырка тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Курама, кырка тоо - Батыш Теңиртоодо. Тажик, Өзбек жана Кыргыз Республикаларынын чегарасында жа..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 10:57 учурдагы нуска

Курама, кырка тоо - Батыш Теңиртоодо. Тажик, Өзбек жана Кыргыз Республикаларынын чегарасында жайгашкан. Түштүк-чыгышынан Фергана өрөөнү менен чектешет. Сырдарыя жана Ангрен д-нын суу бөлгүчү. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 120 км созулуп, Чаткал тоосуна барып такалат. Эң жазы жери 25 км. Орт. бийикт. 2700 м, эң бийик жери 3769 м. Ангрен д-на караган түндүк-батыш бети тик жана коктуколоттуу, Фергана өрөөнү тарабы жантайыңкы. К. к. т-нда негизинен палеозойдун метаморфизмделген сланецтери жана карбонат, эффузив тоо тектери жатат.

Көп бөлүгүн аларды жиреп чыккан гранит, гранит-диорит жана аляскит интрузиялары ээлейт. Тоо тек катмарлары ири бүктөлүүлөргө дуушарланып, жалпысынан түндүк-батыш, түндүк-чыгышка багытталган тектон. ири жаракалар менен тилмеленген. Кен байлыктарынан калай, күмүш, жез, коргошун, цинк, флюорит, сейрек кездешүүчү металл кендери бар. 9–10к-дан алтын менен күмүш казып алынган. Ландшафтында жарым чөл жана кургак талаа (2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу, сейрек бадалдуу талаа (2000–2500 м), шалбаалуу токой (2500–2800 м), андан жогору субальп жана альп шалбаасы алкактары басымдуу. Жайыт.

Колдонулган адабияттар