Куруксай тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Куруксай, тоо – Алай кырка тоосунун түндүк тармагы. Кыштут, Толбоскөл (Сохтун оң куймалары) жан..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 10:59 учурдагы нуска

Куруксай, тоо – Алай кырка тоосунун түндүк тармагы. Кыштут, Толбоскөл (Сохтун оң куймалары) жана Гавиан сууларынын алабынан орун алган. Кеңдик багытта 31 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 4000–4100 м, эң бийик жери 5147 м. Жону тайпак. Капталдары тик, кокту-колоттуу капчыгайлары бар. Девон менен карбондун акиташтуу доломит, акиташ тектеринен турат.

Талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа жана шалбаалуу токой (арча менен бадалдар; 2800–3000 мге чейин); субальп жана альп шалбаалуу талаасы жана сейрек бетегелүү талаа (3200–3400 мге чейин), андан жогору субнивалдык суук чөл жана түбөлүк кар, мөңгүлүү ландшафт тилкелери бийиктик б-ча таралган. Жайыт.