Кутурган тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кутурган, тоо – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Зергер жана Чангет сууларынын аралы..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 11:00 учурдагы нуска

Кутурган, тоо – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Зергер жана Чангет сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан түш.-батышка 24 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 1750–1850 м, эң бийик жери 2415 м.

Жону түзөң жана тайпак, капталдары жантайыңкы. Негизинен кумдук, алевролит, сланец, конгломерат, гравелит, чопо тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун капталына (1300–1400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа, сейрек өскөн жаңгак токою мүнөздүү. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар