Күмүштак , тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Күмүштак , тоо (күмүш жана байыркы кыргызча таг – тоо; күмүш тоо) – Талас Алатоосунун түндүк та..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 11:12 учурдагы нуска

Күмүштак , тоо (күмүш жана байыркы кыргызча таг – тоо; күмүш тоо) – Талас Алатоосунун түндүк тармагы. Күмүштак, Үрмарал сууларынын (Таластын сол куймалары) ортосунда түштүктөн түндүккө карай 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км. Орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 4251 м. Бийик түш. бөлүгүнүн кыры тик чокулуу, аскалуу келип, мөңгүлөр кездешет, түндүгү Талас өрөөнүн карай жапыздайт.

Батыш жана чыгыш капталдары тик жана чукул, айрым жерлери капчыгайлуу. Негизинен рифейдин акиташ теги, акиташ чополуу сланец, филлит, кумдук, тектеринен турат. Тоодон Карагайлы, Коёндуу, Чийимташ, Чоңжол, Коңурдөбө ж. б. суулар башталат. Жарым чөл жана кургак талаа (2700 м бийиктикке чейин), бадал токой аралашкан шалбаалуу талаа (2700–2900 м), субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар