Суусамыр тоо кыркасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Suusamyr.jpg|200px|thumb|Суусамыр кырка тоосу]]
Ички Теңир-Тоодо. [[Суусамыр]] жана [[Кетмен-Төбө]] өрөөндөрүн бөлүп турат. [[Ала-Бел]] ашуусунан (батышта) [[Көкө-Mерен]] капчыгайына чейин (чыгышта) кеңдик багытта 126 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 31 км. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4048 м. Чыгыш бөлүгү [[Сарыкамыш]] деп аталат. Тескей тарабы кыска, айдөш түздүктүү, түштүк капталы жазы, чейин жапыздайт. Түштүк капталы тик, түндүгү бир аз жантайыңкы. Түштүк капталына Кара-Суунун өрөөнүнө түшүп жаткан корум таштар мүнөздүү. Ашуулар көп: Капка(бийиктиги 3339 м), Кентулук (3289м), [[Шибе-Бел]] (3140 м), Такталык (2324 м), [[Карагыш]] (1961 м) жана башка. Кырка тоо төртүнчүлүк мезгилде көтөрүлгөн. Тоонун ортоңку бөлүгү карбон мезгилинде пайда болгон метаморфизмделген акиташ, конгломерат, алевролит жана башка, түндүк тармагы андезит, базальт трахит-базальттуу порфирит жана башка, түштүк канаты девондун чөкмө жана интрузия тектеринен турат. Мөңгү жок. Жарым чөл (1400 м бийиктикке чейин), кургак талаа (1400–1700 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1700–2900 м), шалбаалуу талаа, субальп (2700–3100 м) жана альп шалбаа (3200–3400 м) ландшафттары мүнөздүү.<br>
==Адабияттар ==