Климат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Климат''' – белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими. <br>
Байыркы [[грек]]тер [[Жер]] шарынын климаты негизинен күн нурунун жер бетине кыйгач тийишине байланыштуу экендигин билишкен; мис., ысык алкактарда [[күн]] нуру жер бетине тик, мелүүн алкактарда бир кыйла
кыйгыч түшөт, ал эми Түндүк жана [[Түштүк уюлдардауюл]]дарда [[Күн]] бир нече ай бою көрүнбөй да
калат (к. Уюлдук түн макаласын). Ошого байланыштуу «климат» деген түшүнүк пайда болгон (грекче «клима» – жантайуу деген
маанини берет). <br>
Климатты пайда кылуучу жалпы процесстерге жылуулук жана нымдуулуктун алмашуусу, [[атмосфера]] циркуляциясы жана башка кирет. Климаттын негизги мүнөзү белгилүү бир жердин аба ырайына көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат. <br>
Климаттын ар кандай болушу географиялык шарттарга байланыштуу. Жердин климаты геологиялык доорлордо дайыма өзгөрүп келген.
Азыркы учурда жер бетинин климаты географиялык кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 [[субэкватор]]дук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 [[мелүүн]], субарктикалык, субантрактикалык, арктикалык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы бооюнча макроклимат, мезоклимат, микроклимат, аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук жана башка климаттарга ажыратылат. Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.<br>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Климат" булагынан алынды