Кыргыз Алатоо, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
19-сап:
 
[[File:Images222.jpg|250px|thumb|Кыргыз Алатоо]]Апрель–май айларында кирип, август–сентябрда тартыла баштайт. Кыргыз Алатоосунун топурак жана өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт. Түндүк капталына кургакчыл талаа жана талаа (700–1000 м бийиктикте, ачык коңур топурактуу келип, акшыбак, камгак, эбелек, аккылкан ж.б. өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа (1000–1600 м; бетеге, шыбак, карындыз, буудайык, караган ж. б.), шалбаалуу талаа (1600–1900 м; кара топурактуу келип, бетеге, шыраалжын, будайык, дүйүм чөп ж.б.), токойлуу талаа-шалбаа (1900–2700 м; каралжын тоо-токой, тоо-шалбаа топурактуу, тескей беттеринде карагай, күнгөйүндө арча, аларга жанаша шалбаа өсүмдүктөрү, четин, кайың, тал, бадалдар–бөрү карагат, итмурун, акчечек ж. б.), субальп (2700– 3100 м), альп шалбаасы (3100–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түштүк капталдарында дарак өсүмдүктөрү кездешпейт. Анда тоолуу талаа ландшафты (2300– 2900 м бийиктикте) орун алган. Тоо этегинде таштактуу жарым чөл ландшафты (1700–2300 м) бар. Башка ландшафттык алкактар түндүк жагына окшош, бирок кургакчыл келип алардын чектери 300–400 мге бийигирээк. Жаныбарлары: аюу, илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, элик, тоо эчки, суусар, түлкү, бүркүт, ителги, улар, кекилик, чил, куш, арсчычкан, ачкүзөн ж. б. Кыргыз Алатоосу негизинен жайыт катары пайдаланылат. Сараласаз, Суусамыр ж. б. сымал белгилүү жайлоолору бар. Тоо этектериндеги жана ички өрөөндөрүндөгү түзөң жана бир аз жантайыңкы жеринин көбү айдоого пайдаланылат. Тоонун түндүгүндөгү райондор түш. капталдарындагы өрөөндөр жана жайлоолор менен Шамшы, Ысыката, Аларча, Сокулук ашуулары аркылуу байланышат. Төөашуудагы тешкен тоо аркылуу Бишкек– Ош авт. жолу өтөт.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] ISBN 9967-14-006-2 <br>
 
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Кыргыз таануу]]
[[Category:Илим]]
[[Category:География]]
[[Category:Дүйнө]]
[[Category:Борбордук Азия]]
[[Category:Тоо]]
[[Category:Тумар-2011]]