Кыргыз Алатоо, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
12-сап:
|-
|'''Эң бийик жери:''' || 4895 м
|} Кыргыз Алатоо, тоо – Түндүк Теңиртоодогу ири кырка тоо. Ысыккөлдүн батышындагы Кызыломпол тоосунан Тараз шаарына (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири жана татаал антиклинорий. Чүй өрөөнүн [[Талас]], [[Суусамыр]], [[Кочкор]] өрөөндөрүнөн бөлөт. Узундугу 454 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 4895 м (Батыш Аламүдүн чокусу). Чыгыш тарабында чокулары 4000 мден жогору. Түштүк капталынан Төөашуунун тушунда Талас Алатоосу, Ысыката ашуусунун тушунда Карамойнок тоосу айрылат. [[File:Images8768787.jpg|250px|thumb|left|Кыргыз Алатоо]]Суу бөлгүч кыры аскалуу, чокулары шуштугуй пирамида сымал, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска түндүгү жазы, айрым айрыктары 30 кмге жетет. Түндүк капталынын чыгыш бөлүгүндө адырлар (же бөлтөктөр, бийикт. 2000 мге чейин), батыш бөлүгүндө денудациялык жайык беттер бар. Эки капталында тең капчыгай менен өрөөн көп. Ирилери: Ашмара, Чоң Кайыңды, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Батыш жана Чыгыш Каракол ж. б. Кыргыз Алатоосу рельефинин тиби боюнча бийик, орто бийик, жапыз тоолорго жана адырларга бөлүнөт.
 
Бийик тоолорго (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери жана азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши түрүндөгү капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктиктеги тоолорго (2000–3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон таманы кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. өрөөндөр (Желаргы, Окторкой, Көкжарсуу ж. б.) кездешет. Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя өрөөндөрү менен айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат. Кыргыз Алатоосутоосу – геол. түзүлүшү боюнча мегантиклиналь. Тектон. жаракалар аркылуу түндүгүндө Чүй мегасинклиналынан, түштүгүндө Талас, Суусамыр жана Кочкор өрөөндөрүнүн синклиналдык түзүлүштөрүнөн бөлүнүп турат. Эң байыркы (кембрийге чейинки) метаморфизмделген кристаллдуу сланец, кварцит, гнейс тоо тектери Кыргыз Алатоосу тоосунун фундаментин түзүп жатат. Анын үстүндө бурчтук келишпестик менен каледондун синклиналдык структуралык кабатынын жанартоо жана чөкмө тоо тектерден турган калың катмарлары орун алган. Эпикаледондун структуралык кабаты (девон-пермдин) порфирит-туф жана чөкмө, көбүнчө кызыл түстүү, континенттик жана континенттикдеңиз формацияларынан турат. Кембрийге чейинки жана төмөнкү палеозойдо пайда болгон гранитоид интрузиялары кеңири тараган; айрым жерде габброиддер кезигет. Палеозойдун аягында пайда болгон сиенит менен гранит-сиениттер кыйла кичирээк массивдерди түзөт. Тоонун түндүк жагында кайнозойдун континенттик борпоң жана түз катмарлуу чөкмөлөрү жатат. Палеогеннеогендик чөкмөлөр тоо этегиндеги адырлар тилкесин түзөт. Кыргыз Алатоосунун чегинде узак убакыт бою коргошун рудасы казылып алынган (Борду кени), азыркы учурда карапалык сырьё (Аксуу кени), кооз таш (Кызыломпол кени) кендеринин ө. ж-лык мааниси бар. Алардан башка күкүрт колчеданын (Ачыкташ кени), таш туздун (Желдисуу кени) жана табигый курулуш материалдарынын кендери, о. эле полиметалл, жез кендери белгилүү.
18-сап:
Ысыката менен Аламүдүн минералдуу арашан сууларынын базасында дарылоо мекемелери иштейт. Аксуу (Жарташ) минералдуу суусу ичимдик үчүн ө. ж-лык мааниде чыгарылат. Климаты мелүүн континенттик, бийиктик боюнча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы –4...–5°Сден (тоо этегинде) – 20...–25°Сге чейин (4000–4500 м бийиктикте), июлдуку 20–23°Сден (тоо этегинде) 0–5°Сге чейин (кыр бөлүгүндө). Жылдык жаан-чачын этектеринде 300–400 мм, кырына жакын 800–1000 мм. Кыргыз Алатоосунда жалпы аянты 520 км2 ге жеткен 582 мөңгү бар. Анын 483 (жалпы аянты 471 км2 ) түндүк капталында, 99 (49 км2 ) түштүгүндө. Көбү борб. бөлүгүндө (Карабалтадан Шамшыга чейинки аралыктагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 300 км2 ге жетет). Ири мөңгүлөрү: Топкарагай (аянты 6,4 км2 ), Кеңтөр (10,0 км2 ), Голубин (9,4 км2 ), Туюк (8,5 км2 ), Чоңтөр (6,1 км2 ). Кар чегинин бийикт. 3750–4100 м. Суулары Чүй, Нарын жана Талас д-нын алабына таандык. Ири суулары түндүк капталында: Ысыката (жылдык орт. чыгымы 7,2 м3 /сек), Аламүдүн (6,3 м3 /сек), Карабалта (5,3 м3 /сек), Сокулук (5,2 м3 /сек) ж. б.; түш. капталында: Каракол (чыгыш; 4,8 м3 /сек), Көкөмерен, Суусамыр жана Караколдун (Таластын алабы) куймалары. Булар мөңгү жана кар сууларынан куралат.
 
[[File:Images222.jpg|250px|thumb|Кыргыз Алатоо]]Апрель–май айларында кирип, август–сентябрда тартыла баштайт. Кыргыз Алатоосунун топурак жана өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт. Түндүк капталына кургакчыл талаа жана талаа (700–1000 м бийиктикте, ачык коңур топурактуу келип, акшыбак, камгак, эбелек, аккылкан ж.б. өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа (1000–1600 м; бетеге, шыбак, карындыз, буудайык, караган ж. б.), шалбаалуу талаа (1600–1900 м; кара топурактуу келип, бетеге, шыраалжын, будайык, дүйүм чөп ж.б.), токойлуу талаа-шалбаа (1900–2700 м; каралжын тоо-токой, тоо-шалбаа топурактуу, тескей беттеринде карагай, күнгөйүндө арча, аларга жанаша шалбаа өсүмдүктөрү, четин, кайың, тал, бадалдар–бөрү карагат, итмурун, акчечек ж. б.), субальп (2700– 3100 м), альп шалбаасы (3100–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түштүк капталдарында дарак өсүмдүктөрү кездешпейт. Анда тоолуу талаа ландшафты (2300– 2900 м бийиктикте) орун алган. Тоо этегинде таштактуу жарым чөл ландшафты (1700–2300 м) бар. Башка ландшафттык алкактар түндүк жагына окшош, бирок кургакчыл келип алардын чектери 300–400 мге бийигирээк. Жаныбарлары: [[аюу]], [[илбирс]], [[сүлөөсүн]], [[карышкыр]], [[элик]], [[тоо эчки]], [[суусар]], [[түлкү]], [[бүркүт]], [[ителги]], [[улар]], [[кекилик]], [[чил]], [[куш]], [[арсчычкан]], [[ачкүзөн]] ж. б. Кыргыз Алатоосу негизинен жайыт катары пайдаланылат. Сараласаз, Суусамыр ж. б. сымал белгилүү жайлоолору бар. Тоо этектериндеги жана ички өрөөндөрүндөгү түзөң жана бир аз жантайыңкы жеринин көбү айдоого пайдаланылат. Тоонун түндүгүндөгү райондор түш. капталдарындагы өрөөндөр жана жайлоолор менен Шамшы, Ысыката, Аларча, Сокулук ашуулары аркылуу байланышат. Төөашуудагы тешкен тоо аркылуу Бишкек– Ош авт. жолу өтөт.
 
== Колдонулган адабияттар ==