Түргөш кагандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Түргөш кагандыгы (704-766-жж.)''' VII к. баш ченинде Батыш Түрк кагандыгы урандыларында Түргөштөрдү..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Түргөш кагандыгы (704-766-жж.)'''
 
VII к. баш ченинде Батыш Түрк кагандыгы урандыларында Түргөштөрдүн мамлекети пайда болду. Түргөштөр "Он ок элинин" дулу конфедерациясына киришкен жана Чүй менен Иле дарыяларынын аралыгын ээлеп турушкан. Алар "сары" жана "кара" урууларына бөлүнүшүп, төбөлдөрү өз ара атаандашып турушкан. "Сары" түргөштөрдүн уруу башчысы Үч Элиг каган (704-706-жж.) жаңы династиянын негиздөөчүсү болуп калган. Ал Суяб шаарын ээлеп, анда өзүнүн башкы борборун түзгөн. Түргөштөрдүн бийлиги алдындагы жерлер Сыр дарыянын орто агымынан Иртыш суусунун баш жагына чейин созулуп жатчу. Үч Элиг каган өзүнүн жеринде жыйырма чөлкөм түзгөн, алардын ар бири жети миңден аскер берип туруучу. Түргөштөрдүн бийлиги Чыгыш Түркстанга да тараган.
Уч Элигдин ордун анын уулу Сакал каган (706-711-жж.) ээлейт. Ошол учурда мамлекеттин абалы татаал болчу. Ага түштүктөн Тан империясынын аскерлери, чыгыштан өзүлөрүнүн кагандыгын калыбына келтирип алышкан түрктөр, түштүк-батыштан араб баскынчылары коркунуч түзүп турушкан. Сакал-каган бардык тараптагы коркунучтун мизин кайтарууга аракеттенген. 709-ж. ал Аньсиге кол салып, кытай аскерлерин жеңет. Андан кийин түргөштөр аскерлерин Орто Азияга жиберишип, согдулар менен бирге Бухаранын алдында араб колбашчысы эмир Кутейби ибн Муслимди камоого алат. Бирок түргөштөргө каршы негизги коркунуч Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан түзүлгөн эле.
Чыгыш түрктөрү 679-ж. Тан империясынын эзүүсүнөн кутулган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы эң жогорку күч-кубатына Капаган кагандын тушунда (691-716-жж.) жеткен. Иртыштан батышка карай өткөөлдүн бириндеги Болучу деген жерде чыгыш түрктөрү түргөштөрдүн сандаган армиясын талкалаган Сакал каган колго түшүрүлүп, асылып ташталган. Түргөштөрдүн жерлери убактылуу Экинчи Түрк кагандыгынын курамына өткөн.