"Барсбек каган" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

no edit summary
(Created page with " Енисейде калыптанган кыргыз мамлекетинин кадыр-баркы анда Барс-бегдин даңктуу ысымы менен бай...")
 
'''Барсбек''' – кыргыздардын каганы. VII к. аягында – VIII к. башталышында кыргыздардын Энесайдагы мамлекети коңшуларын олуттуу эсептешүүгө мажбурлаган. Анын башында Барсбек ажо турган. Барсбек ажонун тушундагы гүлдөп өнүккөн мезгил кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы. Сөз кыргыздардын байыркы тарыхындагы эң чоң "ак тактардын" бири тарыхты жаратышкан инсандар жөнүндө, алиге чейин белгисиз калып жаткан кыргыз элинин баатырлары жөнүндө маалыматтардын дээрлик толук жок экендигинде. Башка тилдеги бир дагы байыркы же орто кылымдардагы тарыхый булакта кандайдыр бир кыргыздын жеке ысмы так эскергилген эмес. Түрк элдери (алардын ичинде кыргыздардын өзүлөрү да) жазууну үйрөнүшкөнгө чейин ушундай болгон. XIX к. экинчи жарымында орус илимпоздору Энесайдан табылган руна сымал жазууну окушкан. Бул жазуу VIII к. башында кыргыздар жана аларга туугандаш, бирок кас түрктөр тарабынан жазылып, анда кыргыздардын каганы Барсбек жөнүндө айтылган. Бул жазуу булагында кездешкен биринчи кыргыз ысымы эле.
Енисейде калыптанган кыргыз мамлекетинин кадыр-баркы анда Барс-бегдин даңктуу ысымы менен байланышкан. Бул руна жазмаларында катталган кыргыз башкаруучусунун биринчи ысымы. Эми биз өзүбүздүн улуттук мамлекетибизди түзгөн учурда, элибиздин зоболо-атагын арттырган бул мамлекеттик ишмердин ысымы татыктуу баасын алып, Манас жана кыргыз элинин башка тарыхый ишмерлеринин ысымдары менен бир катарда жарык жылдыз болуп жаркырап жанып турууга тийиш.
Барсбек Ынанчу Алп Билге каган VIII кылымдын башында Энеcайдагы кыргыз каганатынын башкаруучусу. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн өзүнүн Эрен Улуг деген элчиси баш болгон өкүлдөрүн Тибетке жиберген. Барсбек 711-ж. түргөштөрдүн башчысы Сакал каганы менен бирдикте чыгыш түрк каганатына каршы урушка даярданган, бирок Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы Капаган тезинен Көгмөн тоосун ашып, Барсбектин ордосуна кол салган. Барсбек 711-ж. Суңга чер-токоюнда болгон согушта курман болгон.
Енисейлик кыргыздардын кызыкчылыгын коргоо максатында Барс-бег кытайдын Тан империясы, Түргөш каганаты, ошондой эле коңшу дос уруулар менен союзга кошулган. Бир эле мезгилде активдуу аскердик иш-чаралар аткарылып, алардын ичинде душмандын кыш мезгилинде Минусинск өрөөнүнө кирип келүүсүн токтотуу максатында түштүктөн Енисей капчыгайы аркылуу кеткен чоң жолдун боюнда эң бекем чыңдоолор курулуп бүткөн. Жайкысын табигый бөгөттүн кызматын жайык жана кубаттуу дарыя аткарган. Бабаларыбыз тарабынан ар бир кыш сайын, Сибирдин катаал-суук шартында, муз усту менен Енисейдин жээктерин бойлото жыгач устун жана кардан жасалган бийик, узундугу бир канча чакырымдарга созулган тосмолорду куруп чыгуу учун не деген гана күчаракет жумшалган. Ал эми жазгы ала-шалбырт башталаары менен баягы курган чептин баары сууга жуулуп, агым менен кошо кетүүчү.
Кийин бул ысым терең изилденмек тургай, кайдыгерлик менен жөнү жок эстен чыгарылып ташталган эле. Биз аны "Кыргыз ССР тарыхынан" алгачкы үч басылышынан таппайбыз. Барсбек тууралуу "Кыргыз ССР тарыхынын" төртүнчү басылышында гана кыскача эскертилген.
Чыгыш Турк каганаты өз ээликтеринин чегин кеңейтүүгө умтулган түрк күчтөрүнүн жолун бөгөп гана тим калбай, ошондой эле өрөөндөгү бийлик үчүн күрөштө каганаттын өзүнө да чакырык таштоочу кучкубатка жетишкен кыргыз мамлекетинин дараметин дайыма байкап турган. Өз мамлекетинин кубатына ишенген Барс-бег так ооматын билдирген Ынанчу Aлп Билге деген ат алган. Салгылаштын бириндеги кыргыздардан кезектеги жеңилүүдөн кийин, түрк каганы Капаган Барс-бегди тынчытуу үчүн ошол замандагы салт боюнча өзүнүн карындашын - канбийкечти ага аялдыкка берген.
Анын урматына арналып жазылган эпитафияга ылайык Ажо Барсбек байыркы кыргыздардын башкаруучу династиясынан чыккан, атасынан эрте жетим калган, төрт бир тууганы болгон, тайган менен аң уулоону аябай жакшы көрүүчү.
Каганаттын төбөлдөрү Барс-бегге каршы жортуулга күн мурун даярданышты. Мындайча айтканда, түрктөр кыргыздардын конушуна алардын күчтүү союздаштары – түргөштөр менен кытайлардан жардам келгиче жетип кол canyyгa үлгүpүп калууга ашыгышкан. өздөрүнүн чабуулунан эки жыл мурун түрктөр кыргыздарга достошкон урууларды Минусинск ойдуңунан түштүккө карай жайгаштырышып, Туванын аймагында плацдарм түзүп, аны бардык аракети менен чыңдай беришкен. Ал эми 711-жылдын кышында алар азыркыга чейин уникалдуу деп эсептөөгө боло турган согуштук операциясын баштоону чечишкен.
Барсбектин уруусун Умай-эненин өзгөчө колдоосунда деп эсептешчү. Анын туугандары сейрек кездешүүчү Умай-бег деген наамды алып жүрүшчү. Барсбектин агалары да инилери да болгон. Татаал тышкы саясий кырдаалдын шарттарында кыргыздардын мамлекетиндеги биринчи орунга ал өзүнүн асыл сапаттарынын аркасында көтөрүлгөн жана Борбордук Азиядагы эң татаал саясий кырдаалда кыргыздарга башчылык кылган.
Операциянын өзгөчө мааниси боюнча, түрктөрдүн чоң колун алардын башкаруучулары Билге-каган менен Кул-Тегин ээрчитип жөнөгөн. Аскер башчысы ал мезгилдеги белгилуу кол башчы Төнүкөк болгон. Жергиликтуу жол баштоочу аларды өтүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген Too чыйыры аркылуу ээрчитип жөнөйт. Бирок ал түрктөрдүн ишенимин актабагандыктан, аны өлтүрүп салышат. Аттарын жетелеп, терең карга көмүлгөн кууш Too жолунда жандарын оозуна тиштеп жөнөгөн түрктөр акыр-аягында ашуунун аркы бетине чыгышат да, кыргыздардын конушуна түштүк жагынан эмес, а күтүлбөгөн жерден - түндүк жагынан сокку урушат. Бул адегенде камсыз турушкан кыргыз жоокерлеринин арасында дүрбөлөң түшүрөт, бирок aлap урулган соккуну татыктуу тосушуп, эр жүрөктүүлүк менен согушат. Барс-бег Сунга деген жерде баатырдык менен каза табат. Аны менен кошо жүздөгөн кыргыз жоокерлери жандарын кыят. Бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болучу.
 
Кайгы тарткан кыргыздардын Енисейдеги байыркы руна эстелигинде мындай деп жазылган:
 
"Энем мени он ай көтөрдү.
== Колдонулган адабияттар ==
Ал элиме мени тартуу этти.
 
Meн жер үстүндө каармандыгым менен
Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010
кадыр-барк күттүм.
 
Meн түмөндөгөн душман менен
[[Category:Кыргыз тарыхы]]
тайманбастан кармашып жатып,
[[Category:Тарых]]
элимди кыйын күнгө калтырып кеттим...
[[Category:Тумар-2011]]
О, Барс, бизди таштаба,
Менин жоокердик эрдигимдин урматына,
менин агаларымдын күч-кубатынын
жана менин инилеримдин урматына мага
ушул көөнөрбөс эстеликти аздектеп тургузушту."
Тарыхчылар муну жазуу түрүндө калтырылган маркумга багытталып айтылуучу эң байыркы жоктоо - кыргыз кошогу деп эсептешет. өлгөн адамды жоктоонун мындай белгилуу формасы "Манас" эпосунда таасын-так көрсөтүлгөн. Барс-бегге арналган кошок да, Манаска арналган кошок да стили жана поэтикалык образдуулугу жагынан бири-бирине окшош. Анан өзүнүн айкөлдүгү, жасаган улуу иштери, баатырдык сыпаттары жана жоокердик каармандыгы боюнча да Барс-бегдин образын Манастын образына салыштырууга болот. Көптөгөн тарыхчылар менен Манас таануучулар дал ушул Барс-бегди Манастын прообразы катары негиздүү эсептеп жүрүшөт.
133

edits