Кыргыз сүрөт өнөрү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "250px|thumb|Кыргыз сүрөт өнөрү '''Кыргыз сүрөт өнөрү''' — сүрөт, живопись, ску..."
 
No edit summary
5-сап:
XIX кылымдын аягында кыргыздардын өз алдынчалыгы, ар түрдүүлүгү жана көркөмдүк жогорку денгээли менен айырмаланган сүрөт искусствосунун өнүгүүсүндө белгилүү жогорулоо байкалат. Кыргыз орнаментинин негизги мотивдери көчмөн жана жарым көчмөн чарбачылыктын жана тиричиликтин шарттарынан улам келип чыккан. Кыргыз орнаменттеринин ар түркүн формалары менен мотивдеринде кыргыз элинин эзелки көркөмдүк традициялары, ошондой эле алардын Орто Азиянын, Казахстандын, Түштүк Сибирдин жана Алтай элдери менен тыгыз байланышы байкалат.
 
[[File:Imageвввs.jpeg|250px|thumb|Кыргыз сүрөт өнөрү ]]Орнаментте Кочкор мүйүзүнүн кош тырмактарын, өсүмдүктөр жалбырактарыннын жана башкалардын символикалуу элестери басымдуулук кылат. Кыргыз элдик искусствосунда кийиз басуу эң мыкты көрүнүш болгон. Оюу түшүрүлгөн кийиздер – шырдак, ала кийиздер көркөмдүгү түз салуусунун жогорку маданияты менен айырмаланган. XIX кылымдын экинчи жарымында кеңири таралып, кыйла өнүгүүгө ээ болгон. Кыргыз ууздарынын колунан чыккан. Бул буюмдар алардын өздөрүнүн үй тиричилиги үчүн гана жасалбастан, ага кардаарлар көп чыккан базарларга да түшө турган.
 
Кыргыз устаттары терини иштетүүнүн жөнөкөй технологиясын да билише турган. Иштелген териден үй тиричилигинде урунулуучу көптөгөн буюмдар: идиш аяктардан, куралдардан, ат жабдыктарынан баштап килемчелерге ар түрдү кийимдерге чейин сасалгаланган. Булгаары буюдар наар түшүрүү жолу менен кооз оймо чиймеленип көромдөлгөн. Кайшчы чеберлер көпчүлүк учурларда өздөрү жасаган буюмдарды күмүшкө кармалган метелл пластинкалар менен кооздошкон.