Жусуп Абдрахманов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
4-сап:
Жаркымбаев айылында туулган. 1938 ж. дүйнөдөн өткөн, сөөгү 1991-ж. Бишкек ш. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган. Саясий ж-а мамл. ишмер; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1911–16-ж. Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус- жергиликтүү мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үр-күндө эл м-н кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген ж-а Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун ж-а РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-ж. партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-ж. октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 1933-ж. сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык б-ча орун басары болуп иштеген. 1937-ж.
10-июнда А. контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа м-н камакка алынган. 1938-ж.
5-ноябрда атылган. 1958-ж. акталган. А. өз элинин тарыхын изилдөөчү катары респ-нын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын респ-нын тарыхы б-ча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат м-н жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш ж-дө чындык ж-а акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» ж. б. китептери белгилүү. А-дун ысымы м-н Ысыккөл р-нундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек ш-нын бир көчөсү аталган. Туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.<ref>[http://bizdin.kg/%D0%9A%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BF%D0%BA%D0%B0%D0%BD%D0%B0/%D0%A2%D0%B0%D1%80%D1%8B%D1%85/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7-%D1%82%D0%B0%D1%80%D1%8B%D1%85%D1%8B-%D0%B1%D0%BE%D1%8E%D0%BD%D1%87%D0%B0-%D0%BA%D1%8B%D1%81%D0%BA%D0%B0%D1%87%D0%B0-%D1%8D%D0%BD%D1%86%D0%B8%D0%BA%D0%BB%D0%BE%D0%BF%D0%B5%D0%B4%D0%B8%D1%8F.html</ref>
 
Академик Аскар Какеев: “Жусуп Абдрахманов кыргыз эли деп күйүп-жанган патриот инсан. Ал бир гана кыргыз эли эмес, бүткүл элдин боштондугу, адилеттүүлүгү тууралуу таамай оюн ортого салган омоктуу жаран болчу. Дагы да анын ачыла элек чыгармачыл иштери толтура десем болот”.<ref>http://ktrk.kg/kyr/index.php?newsid=2504</ref>
== Колдонулган адабияттар ==
 
[http://bizdin.kg/%D0%9A%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BF%D0%BA%D0%B0%D0%BD%D0%B0/%D0%A2%D0%B0%D1%80%D1%8B%D1%85/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7-%D1%82%D0%B0%D1%80%D1%8B%D1%85%D1%8B-%D0%B1%D0%BE%D1%8E%D0%BD%D1%87%D0%B0-%D0%BA%D1%8B%D1%81%D0%BA%D0%B0%D1%87%D0%B0-%D1%8D%D0%BD%D1%86%D0%B8%D0%BA%D0%BB%D0%BE%D0%BF%D0%B5%D0%B4%D0%B8%D1%8F.html Э. Асанов. Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия]
==Шилтеме==
<br />
<references/>
 
[[Category:Кыргыз тарыхы]]<br />