Жусуп Абдрахманов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:J_abdrahmanov.jpg|200px|thumb|right]]
'''Абдрахманов, Жусуп''' (1901-1938 жылыжж.)- Күнгөй-Аксуу болушунун Чиркей кыштоосунда, азыркы Ысык-Көл районун
1901-1938 жж.
1901 жылы Күнгөй-Аксуу болушунун Чиркей кыштоосунда, азыркы Ысык-Көл районун
Жаркымбаев айылында туулган. 1938 ж. дүйнөдөн өткөн, сөөгү 1991-ж. Бишкек ш. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган. Саясий ж-а мамл. ишмер; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1911–16-ж. Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус- жергиликтүү мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үр-күндө эл м-н кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген ж-а Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун ж-а РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-ж. партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-ж. октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 1933-ж. сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык б-ча орун басары болуп иштеген. 1937-ж.
10-июнда А. контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа м-н камакка алынган. 1938-ж.