Мажму ат-Таварих: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Маджму ат таварих чыгармасы (Тарыхтар жыйнагы) XVI кылымда Сейф аддин Аксыкенди тарабынан жазылган. |
Aidabishkek (талкуу | салымы) No edit summary |
||
1-сап:
Маджму ат таварих чыгармасы (Тарыхтар жыйнагы) XVI кылымда Сейф аддин Аксыкенди тарабынан жазылган. Фергана өрөөнүндө жашаган Мулла Сейф Аддин Аксыкенди бул чыгарманы тажик тилинде жазган. Ал бул эмгегин бутуро албай дүйнөдөн өтүп, чыгарманы анын уулу Нур же (Нооруз) Мухаммед (1494-1592-жылдары жашап өткөн) атасынын эмгегин улантып, аягына чыгарган. Азыркы күндө бул чыгар-манын эки варианты бар. Эки варианттын жазылышына жана сырткы өзгөчөлүгүнө карап, XVIII аягы XIX кылымдын биринчи жарымы деп окумуштуулар хронологиялык рамкасын белгилешет. Бул чыгарманын бири Россия илимдер академиясынын Санкт-Петербургдагы бөлүмүндө Чыгыш таануу институтунда № 667 шифрында катталып, сакталууда. Экинчиси Ленинград мамлекеттик университетинин китепканасынын Чыгыш бөлүмүндө №693 шифр номери менен сакталып турат.Чыгыштануу институтундагы вариантын окумущтуу В.А.Коллаур белгилүү чыгыш таануучу, академик В.В. Бартольдго тапшырган. 1899-жылы В.В. Бартольд орус археологиялык коомунун 11-мартында өткөн жыйналышында алып чыгып, бул эмгекке карата кыскача өзүнүн мүнөздөмөсүн берип кеткен. В.В. Бартольд белгилегендей бул кол жазма Наманган уездинин Ширкент кыштагынын жашоочусу Джагды-Ходжанын колунда болуп, чыгарманын ээси ал болуп калган. В.В.Бартольддун ою боюнча :" китеп Ферганадагы Касан шаарынын шейхтеринин тарыхын өзүнө камтыйт жана чыгармада шейхтердин жашоосу фантастикалык түрдө мүнөздөлүп, көптөгөн анохронизмдер колдонулган башкача айтканда бул китепте бардыгы жуурулушуп берилген”. "Маджму ат-таварих" бул жарым тарыхый жана жарым легендалуу чыгарма. Анда тарыхый фактылар менен даталар, легендалар менен ойдон чыгарылган нерселер аралашып, комбинациялуу мүнөздө берилген. Бирок дал ушундай легендалык мүнөздө жазылганы менен өзгөчөлөнүп турат. Окумуштуу А.Т.Тагиржановдун ою боюнча "Маджму ат-таварихтин" негизги бөлүгү 1503-1514-жж жазылган. Ушул негизги белүмүндө өзгөчө белгилей кетчү нерсе кыргыз элинин улуу мурасы "Манас" эпосу тууралуу сюжеттик маалыматтарды берген. Ошондой эле аталган эмгекте ар кандай этнографиялык материалдар, жер суу аттары, казак, кыргыз уруулары жөнүндө кызыктуу маалыматтар, кыргыздын эпикалык элдик оозеки чыгармаларынын, уламыштарынын таасири астында берилген. Негизги бөлүмүн автор элдик оозеки чыгармаларды, уламыштарды колдонуп жазганын көрүүгө болот. Чыгармада оозеки уламыштар менен тарыхый маалыматтарды аралаштырып, автор эпикалык уламыштарды жаратуу менен, алардын негизги каармандары кылып, Ширкент шейхтерин көрсөткөн. Бирок, автор тарабынан жазылган, көптөгөн тарыхый окуялар (м: Есугей Бахадур Чынгыз-хандын атасы, анын өлүмү, Ван Хан тара¬бынан кераиттердин басылып алынышы, Чыңгызхандын такка келиши, Туглук Темир ж.б.) маалыматтары чындыкка дал келет.
Сейф Аддин Аксыкендинин чыгармасы Орто Азиядагы элдер жөнүндөгү диний эпикалык мүнөздөгү уламыштардын негизинде жазылган. Чыгарма адабият, "Манас" изилдөөчүлөр, тарыхчы-этнографтар, картограф топонимисттер үчүн мааниси чоң. ▼
КАРАНЫЗ. Материалы по истории кыргызов и Киргизии. Выпуск I; Москва “Наука”1973▼
▲
= Пайдаланылган адабият: =
|