Сүннөт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м 3."СҮННӨТ" Сүннөт-деп аталышы өзгөртүлдү
No edit summary
1-сап:
Сүннөт – бул сөз лексикалык жактан «жакшы мүнөз, жол, эреже» сыяктуу көп маанилерди туюнтуп берсе да, ислам укуктук илими боюнча Алла Тааланын элчиси (САВ) аткарган, жасоого буюрган, же ыраазылыгын туюндурган иш-аракеттерди билдирет. Сүннөт үчкө бөлүнөт: а) Муаккад сүннөт (зарыл сүннөт). б) Гайру муаккад сүннөт (катардагы сүннөт). в) Заваид сүннөт (кошумча сүннөт).
 
а) Муаккад сүннөт: Пайгамбарыбыздын (САВ) ар дайым аткарып, чанда гана бир калтырган [[парз]] же [[важиб]] болбогон иштерин көрсөтөт. Бул түргө багымдат, бешим жана шам намаздарынын сүннөттөрү ж.б.у.с. кирет. Мындай сүннөттөрдү аткарган адам сооп табат, аткарбаган адамга жаза берилбесе да, айыпталат.
 
б) Гайру муаккад сүннөт: Пайгамбарыбыздын (САВ) кээде жасап, кээде аткарбаган сүннөттөрүн билдирет. Мисалы, аср жана куптан намаздарынын алгачкы сүннөттөрү сыяктуу. Бул сүннөттөрдү «[[мустахаб]]» же «мандуб» катарына кошкондор да бар. Мындай сүннөттөрдү аткарса сооп табат, аткарбаса күнөө болуп эсептелбейт.
 
в) Заваид сүннөт: Бул - пайгамбарыбыздын (САВ) бир инсан катары жасаган күндөлүк иш-аракети жана жүрүш-турушу. Мисалы, ар бир ишти оң жактан баштоосу, отуруп-туруу, жеп-ичүү, ак түстөгү кийимдерди кийгенди жактыруусу сыяктуу жеке адаттары. Бул сүннөттү пайгамбарыбызга (САВ) болгон жан тартуу жакынчылыктан улам аткарган сооп табат. Буларды аткарбагандар кандайдыр бир кемчилдик кетирген катары эсептелбейт.
 
==Интернеттеги шилтемелер==
[http://old.islam.kg]
 
[[category:Кыргызстан]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сүннөт" булагынан алынды