Термек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Баскычтоп''' (КЛАВИШ ТАКТАСЫ) (Keyboard-Клавиатура). Баскычтоп – берилиштерди баскычтоп баскычтар..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Баскычтоп''' (КЛАВИШ ТАКТАСЫ) (Keyboard-Клавиатура). Баскычтоп – берилиштерди баскычтоп баскычтарын терүү менен компьютерге киргизилет. Баскычтоп жеке компьютерге же терминал сыяктуу экраны болгон башка бир түзүлүшкө туташтырылат. Баскычтоптон терилип киргизилген берилиштер экрандан чагылдырылып турат. Баскычтоп тактасындагы алфавит баскычтары машинке баскычтарындай тартипте жайгашкан. Баскычтоптун сандык баскычтар тобу баскычтоп тактасынын оң жагына топтолуп, калькулятордукундай жайгашканы сандарды тез терүүгө мүм¬күндүкмүмкүндүк берет, ал баскычтарды кыстаруу орунду жылдыруу сыяктуу кошумча аракеттерди аткартуу үчүн колдонсо да болот. Баскычтоп тактасында жылгычты же кыстаруу орунду көрсөтүүчү жебе баскычтары да орун алган. Жебе баскычтарынын бири басылса кыстаруу орду бир орунга жебенин багыты боюнча жылат. Ошондой эле, баскычтоп тактасы кыстаруу орунду саптын же документтин башына жылдыруучу HOME сыяктуу көптөгөн баскычтарын камтыйт. Компьютердин баскычтоп тактасындагы көпчүлүк баскычтары тексттерди өзгөртүү же оңдоо аракеттеринде колдонулат, мисалы, текстке жаңы символдорду кыстарууда же алып салууда (өчүрүүдө) INSERT, DELETE, BACKSPACE сыяктуу баскычтары пайдаланылат. CAPS LOCK баскычы баш тамгалар режимин орнотот жана ал режимди өчүрөт. NUM LOCK оң жактагы сандык баскычтар тобунун сандык режимин орнотот же өчүрөт. Эгерде сандык режим орнотулса, анда алар сандарды терүүдө, ал эми режим алып салынса, ошол эле баскычтар баскычта көрсөтүл¬гөн аракеттерди аткартууда колдонулат. Баскычтоп тактасынын жогору жагында орун алган функционалдык баскычтар кандайдыр бир аракетти аткартуу үчүн программаланып коюлат. Функционалдык баскычтар F тамгасы жана сан менен белгиленет, мисалы, F1 баскычын басуу үчүн F тамгасы жана андан кийин 1 саны басылбастан F1 функционалдык баскычы басылат. Демейде F1 баскычына колдонуучуга жардам берүүчү сурап-билүү тексттерин экранга чыгаруу аракетин бекитишет. Бул баскычтарды колдонуу менен убакыт үнөмдөлөт, себеби баскычтоп тактасынан буйрукту терип отурбастан функционалдык баскычты басып коюу менен буйрук аткарылат. Баскычтоп тактасынын жогорку оң бурчунда сандык баскычтар тобун, баш тамгаларды, жылдыргыч тилкелердин блокировкаланганын (тосмолонгонун) көрсөткөн жарыктар жайгашкан. ESCAPE (ESC) баскычын буйруктун аткарылышын токтотуу же орундан чыгууну уюштуруу үчүн колдонулат. ESC баскычынын милдети програмдардын ар пакетинде өзгөрүлүп турат.
 
==Кошумча маалымат==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Термек" булагынан алынды