Бекболотов, Турсунбек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Бекболотов Турсунбек''' (1948),техник илимдеринин доктору (1997), профессор (1999), КР УИА корр.-мүчөсү (..."
(Айырма жок)

24 январь 2012, саат 06:48 учурдагы нуска

Бекболотов Турсунбек (1948),техник илимдеринин доктору (1997), профессор (1999), КР УИА корр.-мүчөсү (2000). Кыргыз. Жалалабад облусунун Аксы районундагы Караван айылында туулган. Ленинграддагы М.А.Бонч-Бруевич атындагы электро-техник байланыш институтун 1970-ж., аспирантураны Мос-квадагы энергетик институтунда 1978-ж. аяктаган. Эмгек жолу Фрунзедеги политехник институтунда баш-талып, анда ассистент, оку-туучу, доцент болуп иштеген. Жалалабат мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, ректору, Билим жана маданият министрлигинин министри, биринчи орун басары болуп иштеген, азыр Оштогу технология универси-тетинин ректору. Информатика жана элек-трондук эсептөөчү машиналар боюнча кесип ээси. Кыргыз Республикасынын УИА корр. -мүчөсү (2000). КР Инженердик академиясынын академиги (1993). 70тен ашык илимий эмгекти, анын ичинде 3 монография, 15 усулдук куралды басып чыгарган.

Кошумча маалымат

Колдонулган адабияттар

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.