Берилиштер базасы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Adamantine (талкуу | салымы) Created page with "'''Берилиштер базасы, берилишбаза''' (Database-База данных). Берилиштер базасы байланышкан файлдар то..." |
(Айырма жок)
|
24 январь 2012, саат 06:51 учурдагы нуска
Берилиштер базасы, берилишбаза (Database-База данных). Берилиштер базасы байланышкан файлдар тобунан түзүлөт, алар бирге сакталышат. Берилиштер базасы бир учурда бир бирине байланышкан файлдардын каалаганына кайрылууга мүмкүндүк берет. Окуу жайынын берилиштер базасы, айрым алынган көп файлдардан турат, аларга факультет файлы, курс файлы, группа студенттеринин файлы жана башка ушул сыяктуу көп деген файлдар кирет. Бул файлдар биригип, окуу жайынын берилиштер базасын түзүшөт.
Кошумча маалымат
- Берилиштер
- Берилиштер базасын башкаруу (тейлөө)
- Берилиштер базасын башкаруу системи
- Берилиштер базасынын түзүлүшү
- Берилиштер базасына жетүү
- Берилиштер базасынын администратору
Колдонулган адабияттар
- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.