Берилиштерди ыкчам анализдөө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Берилиштерди ыкчам анализдөө''' (Online analytical processing (OLAP)-Оперативная аналитическая обработка). Сак..."
(Айырма жок)

24 январь 2012, саат 06:56 учурдагы нуска

Берилиштерди ыкчам анализдөө (Online analytical processing (OLAP)-Оперативная аналитическая обработка). Сактагычта топтолгон берилиштерди анализдө каражаттар тобу OLAP деп аталат. OLAP каражаттары түздөн-түз ыкчам берилиштерге же алардын так көчүрмөлөрүнө (ыкчам колдонуучуларга жолтоо болбостон) анализдөөгө мүмкүндүк берет. Иштетүүнүн бул методу талаптарды иштетүүнү ылдам-датуу максатында колдонулат жана көп суралуучу берилиштер үчүн алдын ала эсептөөнү карайт. Ыкчам берилиштер ар башка булактардан жыйналып, тазалангандан кийин кошулат жана реластык сактагычка топ-толот. Бул жерде алар отчетторду түзүүнүн түрдүү каражаттарынын жардамы менен анализдөөгө жеткиликтүү. Андан кийин берилиштер (бардыгы же бөлүгү) OLAP-анализ үчүн даярдалат. Анын маанилүү элементи болуп метаберилиштер, башкача айтканда берилиштердин түзүлүшү, жайгашышы жана трансформатталышы эсептелет. Мына ушулардын негизинде сактагычтын ар башка компоненттеринин өз ара эффективдүү аракеттениши камсыз кылынат.

Кошумча маалымат


Колдонулган адабияттар

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.