Берилиштердин тактыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Берилиштердин тактыгы''' (Data accuracy-Точность данных). Компьютердик систем камсыз кылган берилишт..."
(Айырма жок)

24 январь 2012, саат 06:59 учурдагы нуска

Берилиштердин тактыгы (Data accuracy-Точность данных). Компьютердик систем камсыз кылган берилиштер ишенимдүү болуш үчүн адегенде маалыматтарды түзүү¬дө пайдаланылган берилиштер так (Data Accuracy) болушу керек. Берилиштердин тактыгы берилиштер булагынын аныктыгы, берилиштердин кабарланышы жана киргизилиши туура дегенди билдирет. Так берилиштер, ошондой эле өз учурунда болуш керек. Өз учурундагы берилиштер деп өзүнүн баалуулугун жана мыйзамдуулугун жогото элек берилиштерди айтабыз. Мисалы, адистин беш жыл мурдагы айлык кирешеси 1000 сомду түзсө, бүгүн бул маалымат учурдагы берилиш болбойт, себеби, өткөн беш жыл ичинде айлыгы көбөйүп же азайып калышы мүмкүн.

Кошумча маалымат


Колдонулган адабияттар

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.