Билимди көрсөтүү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Билимди көрсөтүү''' (Кnowledge representation -Представление знаний). Эксперттик системдерде билимдер баз..."
(Айырма жок)

24 январь 2012, саат 07:05 учурдагы нуска

Билимди көрсөтүү (Кnowledge representation -Представление знаний). Эксперттик системдерде билимдер базасында билимди коддоо жана сактоо үчүн колдонулган методдор. Билимди сунуш кылуунун бир нече схем же моделдери колдонулат, аларга төмөнкүлөр кирет: 1) билимди ЭГЕР «шарт», АНДА «аракет» сүйлөмү түрүндө билимди сунуш кылган продуктук модели; 2) чокулары түнүшүктү, ал эми кырлары түшүнүктөр арасындагы катыштарды көрсөткөн багытталган графтар түрүндөгү семантикалык тармактар жана аларга бекитилген жүрүш туруш; 3) фреймдик тармакты көрсөткөн обжекттердин абстрактуу түспөлү, касиеттери жана аларга бекитилген жүрүш-туруш; 4) биринчи тартиптеги предикаттарды эсептөөгө негизделген формалдык логиктик моделдер; 5) адамдын мээсинин иштешин түспөлдөө менен үйрөтүүгө жана өзүн үйрөтүүгө жөндөмдүү нейрон тармактары.

Кошумча маалымат


Колдонулган адабияттар

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.