Галактика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
25-сап:
Ааламдагы 25 галактика Жерги­лик­түү системага кирет. Алардын бири биздин Саманчынын жолу. 25 галактика өз ара тартылуу күчү менен тартылышып турат. Жергиликтүү системага кирбеген галактикалардын саны изилдөөлөр жүргүзүлгөн сайын өсүүдө. Болжолго караганда, алардын саны учурда 200 миллиондон ашат.

Ааламдагы биздин галактикадан башка галактикалар Жерден караганда кичинекей тумандуу так болуп гана көрүнөт. Галактикалардын жарык шооласы бизге миллиондогон жылдарда, ал эми эн алыскы галактикалардан – миллиардаган жылдарда араң жетет.

Галактиканын кээ бир планеталарында космоско радиосигнал жибере ала турган акыл-эстүү жандар болушу мумкун. Азыр окумуштуулар кубаттуу радиотелескоптор менен башка планетада жашоочулардын сигналын кармоого аракет кылып жатышат. Бирок азырынча мындан эч натыйжа чыга элек.

Сырткы көрүнүшү бонча галактиктер жалпысынан эллипстик, спираль жана туура эмес формада болуп үчкө бөлүнөт.

'''Эллипстик галактиктер''' түрдүү формадагы кысылыштарга ээ болуп эллипсоид формасын алат. Ал галактиктер зор жана кидиктер түрүндө Ааламдан кездешип, бардык галактиктердин 1/4 үлүшүн түзөт. Бул галактиктер жалпы түзүлүшү бонча эң жө¬нөкөй. Жылдыздардын жайланышы анын борборунан алыстаган сайын саны бонча азая берет.

'''Спиралдык галактиктер''' жалпы галактиктердин өтө көп санын түзөт. Буга биздин Галактика жана Андромеда (М 31) гигант тумандуулугу кирет.
Андромеда куралсыз көз менен көрүнгөн аз сандагы галактиктердин ичинен эң жакшы байкалган галактиктердин бири. Спиралдык галактиктер күн массасынын 109–1012 сындагы массасын түзөт.

'''Туура эмес галактиктердин''' борборунда ядросу жок болуп, анын түзүлүшүндөгү иреттүү законченемдүүлүктү аныктоо өтө кыйын. Жер шарынын түш.жарым шарында жашаган адамдар куралданбаган көз менен туура эмес галактиктердин катарына кирген Чоң жана Кичи Магеллан булутчаларын көрө алышат. Алар биздин Галактиканын жандоочулары болуп саналышат. Магеллан булутчаларынын массасы жана өлчөмү биздин Галактикага салыштырганда алда канча кичине.

Ааламда эллипстик, спираль жана туура эмес формадагы галактиктерден башка да галактиктер болушу мүмкүн. Алсак, алардын бири өз ара аракеттешүүчү галактиктер. Алар көпчүлүк учурда бири бирине жакын жайгашып, жарык чыгаруучу материя «көпүрө» аркылуу байланышып, бири экинчисине кирип да турат.

==Галактика жок болушу мүмкүнбү?==
Астрономдордун болжолуна таянсак, Саманчынын жолу 5 миллиард жылдан кийин өлүмгө учурайт. Анткени биздин галактика убакыт өткөн сайын Андромеда тумандуулугу деп аталган галактикага жакындап баратат. Акырында Саманчынын жолун аталган галактика жутуп алат.

==Колдонулган адабияттар:==
* «Бул ким? Ал эмне?» энциклопедияcы.
* Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.

''Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов.''
[[Category:Астрономия]]
[[Category:Табият]]

[[Category:Астрономия]]
[[Category:Илим]]
[[Category:Табият илимдери]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Галактика" булагынан алынды