Жусуп Абдрахманов: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
[[File:J_abdrahmanov.jpg|right|200px|
'''Абдрахманов Жусуп (Юсуп)''' ([[1901]], Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысыккөл району, Жаркымбаев айылы — [[1938]], [[Бишкек]], сөөгү [[1991]] [[Ата-Бейит]] көрүстөнүнө коюлган) — саясий жана мамлекеттик ишмер; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү.
[[Category:Кыргыз тарыхы]]<br />▼
==Өмүр-баяны==
===Таалими===
*1911–16-ж. [[Ананьев|Сазанов]] (азыркы [[Ананьев]]) айылындагы үч жылдык орус-жергиликтүү мектебинде, [[Каракол]] шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган.
*1919-ж. [[Алматы|Верный]] ([[Алматы]]) шаарында командирлик курста окуган
===Коомдук жана саясий мансабы===
[[1918|1918-ж.]] [[Кызыл гвардия|кызыл гвардиячылардын]] катарына кирген жана Жетисууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан. Бир жылдан кийин РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. Москвада [[1920|1920-ж.]] өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда [[Ленин Владимир Ильич|В. И. Ленин]] менен сүйлөшүп, пикир алышкан. [[1920]] — [[1924]] жылдарда партиялык жооптуу кызматтарда, [[1924|1924-ж.]] мартта Түркстан
АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган. [[1924|1924-ж.]] [[Кара-Кыргыз автономиялуу областы|Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун]] облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. [[1925|1925-ж.]] майдан РКП(б) БКнын [[Орто Азия]] бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан [[Москва|Москвада]] РКП(б) БКнын аппаратында инструктор.
[[1926|1926-ж.]] октябрда [[Кыргызстан|Кыргызстанга]] келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, [[1927|1927-ж.]] марттан [[РСФСР]] БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл [[СССР|союздук]] БАКтын жана РКП(б) БКнын [[Орто Азия]] бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, андан кийин [[1933|1933-ж.]] [http://ru.wikipedia.org/wiki/Средневолжский_край Ортоңку Волга крайынын] мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, [[1935|1935-жылдан]] [[Оренбург облусту|Оренбург облустук]] аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген.
===Кара мезгили===
[[1933|1933-ж.]] сентябрда [[Советтик Союздун Коммунисттик партиясы|компартияга]] каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. [[1937|1937-ж.]] 10-июнда Абдрахманов контрреволюциячыл [["Алаш" партиясы|Алашордо]] уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган. <br/>
'''[[1938|1938-ж.]]''' 5 ноябрда атылган. [[1958|1958-ж.]] акталган.
===Абрахманов жана тарых===
Абрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги [[1928|1928-ж.]] «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. [[1916|1916-жылкы]] [[Үркүн|көтөрүлүш]] жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» жана башка китептери белгилүү. Жусуп Абдрахманов [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] чыныгы патриоту. Бул инсанга, [[Кыргызстан|Кыргыз Мамлекети]] түзүлүшү үчүн күрөөшүсүнө, ар бир [[кыргыздар|кыргыз]] таазим этиши керек.
==Эстелик==
*Абдрахмановдун ысымы менен [[Ысыккөл району|Ысыккөл районундагы]] айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши);
*[[Бишкек]] шаарынын бир көчөсү (мурдагы Совет көчөсү) аталган.
*Туулган айылына жана [[Каракол]] шаарында эстелик тургузулган.
==Адабият==
*''Кыргыз тарыхы: Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек, 2003''
[[Category:Инсандар]]
|