Орбита: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "400px|thumb|right|Орбита '''Орби́та''' (лат. orbita —из, жол) — материалдык точканын ага таас..."

No edit summary
4-сап:

==Орбитанын элементтери==
Орбитанын элементтери – асман телосунун орбитасынын формасын жана өлчөмдөрүн, анын мейкиндиктеги абалын, ошондой эле ошол асман телосунун орбитадагы абалын аныктоочу алты чоңдук. Орбитанын элементтери асман телосунун кыймыл законун сүрөттөйт. Аны билүү асман телосу каалаган учурда мейкиндиктин кайсы чекитинде болорун эсептөөгө жардам берет. Орбитанын формасы жана өлчөмү '''орбитанын чоң жарым огу''' жана *'''орбитанын эксцентриситети''' менен аныкталат.

*'''Орбитанын (эллипстин) чоң жарым огу''' – Марстын орбитасынын (эллипс түрүндө) фокустары аркылуу өтүп, эллипстин эки чокусун туташтыруучу сызык.

*'''Орбитанын эксцентриситети''' – орбитанын элементтеринин бири. Орбитанын формасы '''е = с/а''' эксцентриситети менен аныкталат, мында а – эллипстин чоң жарым огу, с – эллипстин борборунан анын фокусуна чейинки аралык. Эллипстин эксцентриситети 0дөн чоң, 1ден кичине болот. Эксцентриситет кичине сан болсо (0гө жакын), орбитанын формасы айланага чукул, ал эми чоң сан болсо (1ге жакын), кыйла сүйрү эллипс болот. Кээде эсептөөгө ыңгайлаштырылган эксцентриситет бурчу φ колдонулат. Ал формуласы менен байланышкан, мында b = cos φ – эллипстин кичине жарым огу.

Мейкиндиктеги орбитанын багыты кандайдыр бир тегиздикке салыштырмалуу аныкталат. [[Күн системасы]]нын планеталары, кометалары үчүн [[эклиптика]] тегиздиги кызмат кылат. Орбитанын тегиздигинин абалы чыгуу түйүнүнүн узактыгы жана орбитанын жантайышы менен берилет. Тегиздиктеги орбитанын абалы [[перигелий]] аргументи менен аныкталат. Орбитадагы асман телосунун абалын аныктоочу алтынчы элемент – перигелий аркылуу өтүүчү учур.

Line 15 ⟶ 14:

==Колдонулган адабияттар==
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек

''Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов''

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Орбита" булагынан алынды