Булут: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
13-сап:
== Булут системалары==
Булут системалары, булут чогулмалары адатта планеталык масштабга ээ. Булуттардын макросистемасына жана мезосистемасына (же жергиликтүү системасына) айырмаланат. Макросистеманын узундугу миңдеген километрге жетет, ал бир суткадан 5 суткага чейин турат. Мезосистеманын узундугу ондогон жана жүздөгөн километрге жетет, ал бир нече гана саат турат. Булут системалары мезгил жана мейкиндик бонча формасын, өлчөмүн жана бийиктигин өзгөртүүнүн белгилүү ырааты менен мүнөздөлөт. Булут системаларынын бир түрү булуттардын фендик валы деп аталат. Мындай түрдөгү булуттар тоо кыркаларынан жана ашуулардан күчтүү аба агымы жүргөндө чокуларда пайда болот. <br>
== БулутттардынБулуттардын иризациясы==
БулутттардынБулуттардын иризациясы – Күндөн 30°тан ашык аралыкта турган түрмөктөлгөн булуттардын чет жакасындагы күн желеси сыяктуу түс. Адатта бул түстө кызыл жана жашыл басымдуулук кылат. Бул кубулуш жарык нурларынын дифракциясына негизделген. Булуттардын түскө боёлгон бөлүктөрү венецтин чоң диаметрлүү сегменттери болот. Кубулуштун аталышы грек. “ирис” күн желеси деген сөздөн чыккан. <br>
==Колдонулган адабияттар==
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек<br>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Булут" булагынан алынды