Күн таажысы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "[[File:Solar eclips 1999 4.jpg|thimb|300px|right|11 август 1999 жылы тартылган толук Күн тутулуудагы көрүнгөн Күн таажыс..."
 
No edit summary
8-сап:
Күн таажысын түзгөн бардык көрүнүштөрдүн бурчтук ылдамдыгы фотосферанын бурчтук ылдамдыгына барабар айланууну жасайт. Таажылар жалпысынан асман мейкиндигинде алыска созулуп, [[Күн дискасы]]нын бир нече радиусун түзөт.
 
Күн бетинен бөлүнүп чыккан айрым [[плазма]]лар Күндүн өтө жогорку таажысы (сверхтаажысы) деп аталып, алардын созулушу Жер [[орбита]]сына чейин жетет. Өтө жогорку таажы радиоастрономиялык ыкмалар аркылуу аныкталып, анын өтө алыс аралыкка созулушу далилденген. Бул түрдөгү Күн таажысы [[телескоп|оптикалык телескоп]]тор аркылуу байкалбайт. Күн таажысынын бул түрү ага кирген бөлүкчөлөрдүн жогорку ылдамдыгы жана температурасынын жогору болушу менен түшүндүрүлөт. Таажыдагы газдар дайыма Күндөн чыгып турган плазманын ысык агымын жана Күн шамалын пайда кылат. Хромосферанын, таажынын түзүлүштөрү жандоочулардын орбиталык космостук станциялардын жардамы менен ультракызгылт-көк жана [[рентген]] нурларынан турары аныкталган.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Күн_таажысы" булагынан алынды