Турдукан Бакиева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бакиева Турдукан 1942-жылы 15-апрелде Сузак районунун Тейит айылында туулган. Мектепте окуган жыл..."
(Айырма жок)

27 январь 2012, саат 04:53 учурдагы нуска

Бакиева Турдукан 1942-жылы 15-апрелде Сузак районунун Тейит айылында туулган. Мектепте окуган жылдары 8-классты Домор айылындагы мектепти бутуруп, ал эми орто мектепти Барпы айылындагы Крупская атындагы орто мектебинен аяктаган.1966-жылы Фрунзедеги медициналык институтту бутуруп, балдар дарыгери адистигине ээ болду. Ошол жылы биринчи эмгек чыйыры Оштогу балдар ооруканасында дарыгер болуп иштоо менен башталды. 1967—1969-жылдары Эзген районунда эмканада дарыгер, участкалык дарыгер жана райондук ооруканада дарыгер болуп иштее менен эмгек чыйырын улантты. 1969—1980-жылдары Жалалабат шаарында балдар ооруканасында, андан сон эмканасында башкы дарыгердин орун басары кызматтарында эмгектенди. 1980-жылы Турдукан Бакиеваны Жалалабат шаарындагы балдардын санаториясына башкы дарыгерликке которушту. Дал ушул кызматта бугунку кунго чейин жигердуу иштеп келет. Балдардын ден соолугун калыбына келтируучу бул санатория тууралуу учкай соз. Бул мекеме 1964-жылы азыркы Жалалабат мамлекеттик университетинин ордунда чакан жайда бар болгону 50 койка менен 1964-жылы негиздеяген. 1977-жылы азыркы жайына кечурулген. Анда да бар болгону 50 койка орундуу болучу. Турдукан Бакиева башкы дарыгер болуп иштей баштагандан тартып, жаны имарат куруунун аракетин керду. Натыйжада 1982-жылы 3 кабаттуу 120 орундуу санаториянын курулушу башталып, бир жылдан сон дарылоо бол-молору, бассейни жана башка ынгайлуу шарттары бар жаны жай пайдаланууга тапшырылды. 200 орундуу жаны ашкана курулду. Мындан тышкары мончо, жа-шылча-жемиштерди сактоочу, кир жуучу жана жылытуу жайлары курулду. Ал иштеген мезгилдин аралыгында санаторийдин материалдык-техникалык базасы да жакшырды. Турдукан Бакиеванын узурдуу эмгеги бааланып, СССРдин саламаттыкты сактоосунун отличниктигине жетишти. Кыргыз Ресдубликасынын Президентинин Ардак грамотасына жана республикабыздын «Саламат¬тыкты сактоосуна эмгек синирген дарыгер» наамына татыктуу болду. Журек, бут оорулары боюнча балдардын жогорку категориядагы дарыгери.