Токтайым Джоробаева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Джоробаева Токтайым 1950-жылдын 4-апрелинде Ноокен районунун (мурдагы Ленин) Бургонду айылында ту..."
(Айырма жок)

27 январь 2012, саат 05:18 учурдагы нуска

Джоробаева Токтайым 1950-жылдын 4-апрелинде Ноокен районунун (мурдагы Ленин) Бургонду айылында туулган. 1968-жылдан 1973-жылга чейин Лейлек райондук ооруканасында медициналык кызматкер болуп иштеген. 1973-жылдан 1976-жылга чейин Жалалабат медициналык окуу жайында лаборант, 1976— 1983-жылдары Ноокен районунун «Кызыл крест», «Кы-зыл жарым Ай» коомунун торагасынын орун басары, 1983—1989-жылдары Ош шаарындагы пульманологиялык санаториясында педагог-тарбиячы, 1989—2005-жылдары Жалалабат медициналык окуу жайында сестралык иш боюнча мугалим, 2005—2006-жылдары практикалык окуу боюнча директордун орун басары кызматтарында иштесе, 2006-жылдан азыркы мезгилге чейин клиникага чейинки база башчысы жана прак¬тикалык окуу боюнча башчы. Джоробаева Токтайым 1976-жылы Кыргызстан ЛКСМ Борбордук Комитетинин «Беш жылдыктын жаш гвардиячысы» катарында колодон жасалган тош белги менен сыйланган. 1979-жылы Кызыл Крест коомунун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасына, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Грамотасына, 1999-жылы Жалалабат облустук саламаттыкты сактоо башкармасынын жана медицина кызматкерлеринин профсоюздардын облустук Комитетинин Ардак грамотасына татык¬туу болгон. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун ардактуу кызматкери.