[[File:GI at Guantanamo visits the dentist.JPG|thumb|Стоматологдун кабыл алуусунда]]
'''Стоматоло́гия''' ({{lang-grc|στοματος}} — [[ооз]] + {{lang-grc|λογος}} — [[сөз]]) — [[медицина|медицина]] бөлүгү, [[тиш|тиштин]] функциясын жана түзүлүшүн, анын [[Оору|ооруларын]], [[профилактика]] ыкмаларын, [[Дарылоо|дарылоону]], аны менен бирге ооз көңдөйүнүн, жаактардын, [[бет|беттин]] жана [[Моюн|моюндун]][[Оору|ооруларын]] изилдейт. Стоматология толук [[ден соолук]] сакталыш үчүн абдан керектүү. Стоматология менен алектенген [[дарыгер|дарыгерлерди]] стоматолог (дантист) деп атап коюшат. Дантисттерге [[ассистент|ассистенттер]], [[санитар|санитарлар]], [[Тиш техник|техниктер]] жардамдашат.
[[Инд]][[дарыя]][[өзөн|өзөнүнүн]][[Цивилизация|цивилизациясы]] биздин заманга чейинки 7000 жылдарда стоматология колдонулганын далилдеп берди. Стоматологиянын байыркы формаларында [[тиш|тиштин]] бузулганын [[керме үшкү]] аркылуу операция менен дарыланчы. Стоматологиянын байыркы формаларынын [[реконструкция|реконструкцияларында]] мурда колдонулган ыкмалар өзүн мыкты жана эффективдүү көрсөттү.
Биздин заманга чейинки 5000 жылдарда [[Шумер|шумердик]] тексттерде [[Тиш кариеси|тиш кариестин]] себеби “тиш курту” деп баяндалган. Бул ишеничтердин далилдери байыркы [[Индия|Индияда]], [[Жапония|Жапонияда]] жана [[Кытай| Кытайда]] да табылган. [[Курттар]] жөнүндө легенда [[Гомер|Гомердин]] да жазууларында табылган, кийинчирээк XIV кылымда [[Хирургия|хирург]][http://en.wikipedia.org/wiki/Guy_de_Chauliac|Ги де Шолиак] дагы эле [[курттар]][[Тиш кариеси|тиш кариестин]] себеби экен ишеничти колдоп жүрдү.
Биздин заманга чейинки XVII кылымда жазылган [[Эдвин Смиттин папирусу]] кээ бир тиш кеселдерди дарылоо жөнүндө маалыматка ээ. Бул папирус андан да байыркы биздин заманга чейинки 3000 жылдагы [[Манускрипт|манускриптерди]] чагылдырышы ыктымал. Биздин заманга чейинки XVIII кылымдагы [[Хаммурапи мыйзамдардын жыйнакы|Хаммурапи мыйзамдардын жыйнагында]] эки жолу тиш суруу өлүм жазага айланганы жарыяланган. Байыркы [[Байыркы Египет|египеттиктердин]] жана [[Байыркы Рим|грек-римдиктердин]] өлүк сөөгүн изилдөөлөр протездөөдө жана [[хирургия|хирургияда]] аракеттерди көрсөттү.