Нептун: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: or:ନେପଚୁନ
No edit summary
4-сап:
'''Непту́н''' — [[Күн системасы|Күн системасынын]] сегизинчи планетасы жана бул [[Күн|Күндөн]] эң алыс жайгашкан планета.
 
Нептун 1846-ж. немец астроному И. Галле жана Генрих д’Аррелер тарабынан ачылган. Күнгө чейин орточо аралыгы 30,06 а.б. же 4500 млн. км.
 
Нептун орбита бонча 5,4 км/сек орточо ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук 1 айланып чыгат. Анын диаметри [[Жер]]дин [[экватор|экватордук]] диаметринен 3,88 эсе (49500 км), көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, массасы 17,28 эсе чоң. Орточо тыгыздыгы 1,84 г/см3га барабар, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 м/сек2ка жакын. Жылдыз чоңдугу +7m,6га барабар. Н-дун атмосферасынын курамында метан, суутек, гелий бар. Жандоочулары [[Тритон]] жана [[Нереида]]. Нептун Жерден өтө алыс болгондуктан, аны изилдөө кыйын.
 
==Колдонулган адабияттар==
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек<br>
''Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов''
 
[[Category:Астрономия]]
[[Category:Табият илимдери]]
 
[[af:Neptunus (planeet)]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Нептун" булагынан алынды