Булут: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
17-сап:
== Булуттардын иризациясы==
Булуттардын иризациясы – Күндөн 30°тан ашык аралыкта турган түрмөктөлгөн булуттардын чет жакасындагы күн желеси сыяктуу түс. Адатта бул түстө кызыл жана жашыл басымдуулук кылат. Бул кубулуш жарык нурларынын дифракциясына негизделген. Булуттардын түскө боёлгон бөлүктөрү венецтин чоң диаметрлүү сегменттери болот. Кубулуштун аталышы грек. “ирис” күн желеси деген сөздөн чыккан. <br>
==Күмүш түстүү булуттар==
Күмүш түстүү булуттар – Жер бетинен 70 – 90 км бийиктиктеги мезосферада пайда болуучу булуттун өтө жука катмары. <br>
Кээде түнкү асманда күмүш сымал начар жаркырап көзгө чалдыгат. Жылдыз жарыгын өткөрөт. Булут күмүш сымал көгүш ак түскө боёлгон. Алардын өзгөчөлүгү Күн горизонттун астына 6 – 16°ка киргенде, күүгүм ченде зенитке жакын, асмандын түндүк жарымынан көрүнөт. Алар [[вулкан]] же космос чаңдарынын муздаган кристаллдарынан турат деп болжолдонот. <br>
 
==Колдонулган адабияттар==
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек<br>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Булут" булагынан алынды