AltaVista: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Digital Electronics Corp. (DEC) корпорациясы иштеп чыккан жана ушул багыт боюнча колдонуучулар карамагында б..."
(Айырма жок)

3 февраль 2012, саат 06:05 учурдагы нуска

Digital Electronics Corp. (DEC) корпорациясы иштеп чыккан жана ушул багыт боюнча колдонуучулар карамагында болгон системдердин ичинен эң кубаттуусу. Ал дүйнө желесинен (World Wide Web) ачкыч сөз боюнча маалыматтарды издеген издегич машине. Alta Vista издегич машинеси колдонуучуга табигый тилде жөнөкөй издөөнү уюштуруп берет. Шарттуу операторлорду колдонуп татаал издөөлөрдү аткаруунун ыңгайлуу жана өтө тез иштеген издегич програмы. Анын кемчилиги катары даярдалбаган колдонуучу койгон сурооталаптарга ишке тийиши болбогон башка документтерди да таап бергендигинде турат. Ошондуктан Alta Vista нын регистр абалы, талаа багытын жана фразаны колдонгон өзгөчөлүктөрү эске алынса жакшы жыйынтыктарды алууга болот.

Колдонулган адабияттар

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.