DOS (Disk Operating System): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "IBM компьютерлери менен бирге жеке компьютерлер үчүн 1980-жылы иштелип чыккан айрым маселелерди б..."
(Айырма жок)

3 февраль 2012, саат 06:30 учурдагы нуска

IBM компьютерлери менен бирге жеке компьютерлер үчүн 1980-жылы иштелип чыккан айрым маселелерди башкаруучу иштетүү системине кирет. DOSтун көп колдонулган версияларына MS-DOS жана DOS PC киришет. IBM компьютерлери үчүн DOS PC иштетүү системи Microsoft тарабынан иштелип чыккан. Ошону менен катар MS-DOS деп аталган иштетүү системин Microsoft корпорациясы IBM компьютерлери менен бирдиктүү компьютерлер үчүн иштеп чыккан. Кийин DOSтун жаңы версиялары иштелип чыгып, алар буйрук сабынан же менюнун жардамы менен башкарууну аткарган, дискти жана эсти башкаруу иштери жакшыртылган. Бирок, колдонуучуга толук графиктик интерфейсти сунуш кыла алган эмес. DOS азыркы учурда кеңири колдонулбаганы менен аны колдонгондор азыркы учурда дагы эле кездешет.

Колдонулган адабияттар

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.