Кызга карата тыюулар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Кызга карата тыюулар'''. Кыздын тарбиясынын жооптуулугу артыкча болгон. Анын башкага бүлө болу..."
 
No edit summary
1-сап:
[[File:Nt09.jpg|thumb|250px|right]]
[[File:DSC00931.JPG|thumb|250px|right]]
'''Кызга карата тыюулар'''. Кыздын тарбиясынын жооптуулугу артыкча болгон. Анын башкага бүлө болуп кетиши дайыма көңүлгө тутулган. Начар тарбия алган кыз күйөөгө барса ата – энесин гана эмес, бүт айылын, уруусун сөзгө калтырган. Андыктан кыздын кылык – жоругун, баскан – турганын үй – бүлөсүндөгүлөрдөн сырткары тууган – уругу да тескеген. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген макал ошол себептүү чыккан. Кызды жаштайынан үй тиричилигине үйрөтүп, адептүүлүккө, тыкандыкка, тазалыкка тарбиялаган. Күн чыкканга чейин уктаган адамдын ырыскысы кем болот деп, кызды эрте тургузуп үйрөткөн.<br>