Легенда: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Легенда''' (лат.[[латын тили|латынча]] — окууга сунуш кылынуучу деген мааниде) — белгилүү тарыхый окуя же тарыхый адамдар жөнүндө кыскача баян. Легендаларда окуя апыртмалуу болот, бирок анда чындыктын үлүшү бар, анткени алар белгилүү тарыхый фактынын негизинде жаралат. Легендалар элдин өткөн замандагы турмушун, тарыхый окуяларын иликтөөдө бай маалымат берет. Кыргыздарда сараңдыгынан жер жуткан Карымбай, сынчы Толубай, ырчы Токтогул, уруу чабыштары, элдик баатырлар жонундо легендалар айтылат. Элдик уламыштардын негизинде жазылган А. Осмоновдун «Ысык-Көл», «Жыл талашуу» сыяктуу легендалары бар. Легендалар көркөм адабиятта кеңири пайдаланылат. Буга Ч. Айтматовдун «Гүлсарат» повестиндеги мергенчи жөнүндөгү, «Кылым карытар бир күндөгү» Маңкурт, Раймалы ырчы женүндөгү легендаларды көрсөтүүгө болот. Уламыштар тематикасына карай тарыхый, топонимикалык, диний, этникалык, антропонимикалык ж. б. мүнөздөрдө болот.
 
== Шилтеме ==
Булак: http://kyrgyzinfo.ru
 
[[Category:Тил]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Легенда" булагынан алынды