Чагылган: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
== ЧАГЫЛГАН ==[[File:Molniya .jpg|500px300px|thumb|right|Чагылган]]]]== ЧАГЫЛГАН ==
[[Чагылган]] – [[атмосфера]]дагы өтө чоң искралык [[заряд]] болуп эсептелет. Негизинен жай мезгилинде, кара булут каптап, катуу жаан жааганда көп байкалат. Бир нече жүз метрден бир нече километрлерге чейин созулуп, жаркыроо жана катуу күркүрөгөн үн менен коштолот. [[Жарыктын ылдамдыгы]] 300 000 км/секунда, ал эми [[үндүн ылдамдыгы]] 331 м/с болгондуктан, алгач жаркыроо көрүнүп, андан кийин гана үнү угуларын билебиз.

Чагылгандын [[электрдик талаа]]сын ачкан биринчи адам америкалык физик [[Б. Франклин]] болгон. Көптөгөн тажрыйба жүргүзүүнүн аркасында 1752-жылы батпаректин жардамы менен жүргүзүлгөн тажрыйбасы тууралу жазып чыккан. Андан бери технологиянын өнүгүшү менен чагылган тууралуу көп нерселер изилденген, көптөгөн теориялар айтылган. Төмөндө бул кубулуш тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү бере алган теориялардын айрымдары менен таанышабыз.

5-сап:
=== Чагылгандын келип чыгышы ===
== Талаалардын пайда болушу ==
[[File:A7b154f62546.jpg|300px|left|]]

Чагылгандын пайда кылуучу негизги аймак [[булуттар]] болуп эсептелет. [[Булуттар]] бир нече катмардан турат. Жерден 3-4 километр бийиктикте [[суу буусу]] жана майда тамчылардан, андан бийигирээк болгондо алар муз бүртүкчөлөрүнө айланган абалда болот. Жерден тынымсыз көтөрүлүп турган жылуу [[аба агымы]]нын натыйжасында майда тамчылар жана муз бүртүкчөлөрү да тынымсыз кыймылда болуп турат. Майда бүртүкчөлөр жеңил болуп, жылуу агым менен жогору көтөрүлүп, жолдо чоңураак бүртүкчөлөр менен кагылышып турат. Мындай тынымсыз сүрүлүүдөн улам майда муз бүртүкчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү оң, ал эми төмөн жакта калган бир аз ири бүртүкчөлөрү терс заряддалат. Ошентип, булуттардын жогорку катмарында оң заряддалган талаа, төмөнкү катмарында терс заряддалган талаа пайда болот. Бул талаалардын разряддалышынан улам булуттар арасындагы чагылгандар пайда болот. Булуттар арасындагы чагылгандардын узундугу 1-150км ге чейин болот.

60-сап:
http://www.liveinternet.ru/users/1233274/post109378476/

http://mystery-queen.com/molniya.html

http://www.liveinternet.ru/tags/%E3%F0%EE%EC+%E8+%EC%EE%EB%ED%E8%FF/

[[Category:Табигат кубулуштары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чагылган" булагынан алынды