Неолит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "НЕОЛИТ, жаңы таш доору – таш доорунун аягы; б.з.ч. 6-миң жылдыктын аягынан башталып, түрдүү аймакт..."
 
мNo edit summary
1-сап:
'''НЕОЛИТ''', жаңы таш доору – таш доорунун аягы; б.з.ч. 6-миң жылдыктын аягынан башталып, түрдүү аймактарда ар кандай мезгилде аяктаган. Неолит ташты иштетүүнүн жаңы ыкмалары (жылмалоо, бургулоо, тешүү), эмгек куралдарынын жаңы түрлөрү (балта, көзөөч, кетмен, жаргылчак, орок), чоподон жасалган идиштин, токуучулуктун, унаанын, ыйгаруучу чарбадан өндүрүүчү чарбага өтүүсү (аңчылыктан, жыйноочулуктан мал чарбалыкка жана жер иштетүүгө) менен мүнөздөлөт. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын пайда болушун окумуштуулар адамзат коомундагы чоң төңкөрүш катары карап «неолит [[революция]]сы» деп аташкан. Бул мезгилде аңчылар-дан, жыйноочулардан жана балык уулоочулардан алгачкы коомдун мал багуучулары, жер иштетүүчүлөрү бөлүнүп чыгат. Эмгектин жаңы бөлүнүшү байыркы элдердин ортосунда үзгүлтүксүз товар алмашууга шарт түзөт. Неолит доорунда социалдык жана экон. жактан энелик укукка негизделген уруулар калыптанат. Бир уруу кыйла өнүгүп алдыга озсо, кээ бирлери үчүн өнүгүү өтө узак мезгилди талап кылат. Археол. маалыматтарга таянып, Неолит доорундагы урууларга мүнөздүү эмгек, согуш куралдары, кооздуктары, карапа идишке түшүрүлгөн оюулары, турак-жайлары, каада-салттары, диний ишенимдери болгондугун далилдөөгө болот. [[Орто Азия]]дагы неолит дооруна тиешелүү эстеликтерге Жейтун, Жебель, Келтеминар, Гиссар археологиялык маданияттары кирет. [[Кыргызстан]]да неолит дооруна таандык, обишир жана гиссар маданияттарына кирген Обишир, Ташкөмүр, Акчуңкур үңкүрлөрү, Терек, Кочкоракжол, Үччат өңдүү [[археология]]лык эстеликтер ачылган.
==Колдонулган адабият==
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
5-сап:
[[Category: Тарых]]
[[Category: Илим ]]
 
[[ru:Неолит]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Неолит" булагынан алынды