Наймандар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.6.3) (робот кошту: az, bg, ca, de, en, fr, hi, it, ja, kk, mn, no, pl, sl, sv, tr, uk, zh, zh-classical
No edit summary
1-сап:
НАЙМАНДАР – 9–12-кылым Орхон жана Иртыш дарыяларын мекендеген көчмөн түрк-моңгол элдеринин бирикмеси. Кытай жазма булактарында наймандар 8-кылымда [[Байкал көлү]]нүн түштүгүндө жашагандыгы баяндалат. 12-кылымда наймандар кубаттуу уруулук бирикме түзүшкөн. 12-кылымдын аягында согуштук-саясий таасири бошоңдоп калган кыргыздарды жеңип алышкан. «Найман» моңгол-бурят тилдеринде «сегиз» дегенди түшүндүрөт. Н. А. Аристов Катун дарыясынын куймасы болгон Найма суусунун аталышынан келип чыккандыгын божомолдойт. Наймандар уйгур жазмасын колдонушкан. Диний ишеним жагынан наймандар [[несторийчилик|христиандар (несториан)]] болушкан. Айрым маалыматтарда моңголдор уйгур арибиндеги жазууну наймадардан кабыл алышкандыктары айтылат. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында ичара карама-каршылыктардан наймандардын уруулук бирикмеси начарлап, ыдырай баштаган. [[Чыңгыз хан]]дын аскерлеринин кысымы астында наймандар 13-кылымдын башында [[Фергана]], Жетисуу жана Кашкарды көздөй чегинишкен. Бул мезгилде наймандарды Таян хан, андан соң Күчлүк хан бийлеген. Батышты көздөй чегинген наймандар [[Күчлүк хан]] ас-Сегизинин («ас-сегизи» – сегиз уруу элдин жетекчиси) жетекчилиги менен кара кытай Гур ханына баш ийип, 1211-жылы анын тактысын тартып алган. 1218-жылы Күчлүк хан Чыңгыз хан тарабынан талкаланып, чыккынчылык менен өлтүрүлгөн. Наймандар кийинки түрк тилиндеги сүйлөгөн элдердин курамына аралашып кетишкен. Ичкилик (Булгачы) уруу тобундагы ири уруулардын бири.
==Колдонулган адабият==
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Наймандар" булагынан алынды