Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
No edit summary
9-сап:
'''Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек? '''<br><br>
Ар бир киши кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалан гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чонойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Башкача айтканда, түрдүү кесиптер жөнүндөгү көз карашы кеңейет, окуп үйрөнөт, кенири маалыматка ээ болот. Бирок, жаштардын көбү толук эмес орто же орто мектепти бүтүргөндөн кийин кесип тандоодо бир чечимге келе алышпай, эмне кылаарын билбей калууда. Кээ бирөөлөрү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат. Окуучулардын стипендия, окутуучу - мугалимдерге айлык төлөгөндөн башка, ошончо убакыт коротуп плансыз түрдө даярдалган адистер кийин өздөрүнө ылайык иш таба алышпай кыйналышат. Бар болгону ишсиздер армиясынын санын көбүйтөт. Окуучулар өздөрүнүн табиятына төп келбеген кесиптерди тандоосундагы негизги факторлор - алардын иш жөнүндө толук билбегенинен улам келип чыгат. Лицей же орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларына кайсы кесипти тандай турганын сураганда көбүнчө мурунтан белгилүү болгон кесиптерди тандаганы байкалууда. А бирок тандаган кесиптери алардын жекече өзгөчөлүктөрү, жан дүйнө байлыктары менен төп келбейт. Башкача айтканда, жөндөмдүүлүгүнө, шыгына, кабыл алуусуна, ден соолугуна ж.б. көңүл бурушпай, кесиптер жөнүндө кеѕири билбей туруп тандаган учурлар кездешет (Кузгун, 1988). <br><br>
Кыргызстанда[[Кыргызстан]]да да акыркы жылдарда бир топ өзгөрүүлөр болуп, бул өзгөрүүгө жараша коомдун жаны адамын – жаны кесиптердин ээлерин даярдай турган көптөгөн университеттер, факультеттер, окуу борборлору ачылды. Кыргызстандын эгемендөө мамлекет болушу менен айрыкча акыркы беш жылда билим берүүдө жаңы типтеги мектептер, гимназиялар көбөйдү. Бул жаны типтеги мектептер - жалпы орто мектептер, гимназиялар, лицейлер, автордук мектептер, өзүмдүк, мамлекеттик мектеп, кыргыз – түрк кыз жана эркек лицейлери, экспериметалдык мектептер болуп, бардыгы 28 түрдөгү мектептер бар. Бул мектеп, гимназия, лицейлердин окуу программалары көбүнчө ошол мектептин коллективи тарабынан түзүлгөн. Бул мектептерде окуучуларга кийинки жылдардагы коомдогу саясий, социалдык, экономикалык өзгөрүүлөргө жараша экономика, эсептөө техникаларынын негиздери, компьютердик билим ж.б. түрдүү кесиптерге даярдыктар берилет (Мирошниченко, Иманкулова, 1996). Ар бир мектеп, гимназия өз алдынча программа кабыл алгандай эле, ар бир колледж, институт, университет, академиялар да өздөрүнө таандык программалар менен иштешет.
Азыр Кыргызстанда ЖОЖдордун кайсынында кандай кесипке даярдай турганын билүү үчүн ар бир окуу жайын кыдырууга туура келет. ЖОЖдор жөнүндө абитуриентке жол көрсөтүүчү маалымат китепчелерин жыл сайын чыгаруу, сатууга коюу зарыл. Акыркы жылдарда түрдүү окуу жайларынын санынын көбөйүшү менен жаңы бөлүмдөр да ачылып жатат. Бирок кайсы окуу жайында кандай факультеттер, бөлүмдөр бар экени жалпыга тегиз белгилүү боло элек. Информация жетиштүү болбогонунан, мектептердин бүтүрүүчүлөрү кайсы кесипти тандаарын билишпей, бир чечимге келүүдө кыйналууда. Көптөгөн кесиптердин эмне экендигин, бүтүргөндө каяктан иш таба ала турганы тууралуу айрыкча айылдын жаштары элестете алышпайт.
Орус педагогу Харламов кесипке багыттоодо буларга көңүл буруу керектигин белгилейт: "Мектепти бүтүргөндөн кийин окуучулардын көбү өндүрүшкө киришет. Аларга кесиптик багыт берүү үчүн коомдук пайдалуу эмгектин ар кандай түрлөрүн колдонуп, өндүрүштүн түрдүү тармагында өз күчтөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек" (Харламов, 1997, 358-б.). Кесипке багыттоодо окуучуларды ар кандай кесиптин түрлөрү, өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу зарыл. Бул окуу процессинде чечиле турган маселе. Окуучулар өмүрү өрнөк болгон кишилердин эмгек жолдору менен таанышат. Эѕ таасирдүү каражат болуп, кесиптер жөнүндө лекциялар, докладдар, аѕгемелешүүлөр, кесип тандоо кечелери эмгек каармандары менен жолугушуу эсептелет. (Харламов, 1997, 369-б.). Тигил же бул кесипти тандоодо ал кесип үчүн керек болгон кээ бир өзгөчөлүктөрдү, кесиптин өзгөчөлүгүн, оной жана опурталдуу жактарын коомдогу ордун, кесиптик оорулар, жөнүндө баланын билүүсү зарыл (Кулаксызоглу, 1995). Кээ бир иштер жалан гана акыл эмгегин талап кылат. Кээ иштер акыл эмгегин көп талап кылбайт. Бул учурда зээндүү бирөө мындай ишке канааттанбоосу жана ушундан улам өзүн бактысыз сезиши мүмкүн (Кузгун, 1988).