Бартольд, Василий Владимирович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Bartold_V.jpg|200px|thumb|right|Бартольд, Василий Владмирович]] <br />
'''Василий Владимирович Бартольд''' - 1869-ж. 3(15)-ноябрда [[Санкт-Петербург|Санкт-Петербургда]] орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары [[Балтика]] боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон.
 
== Кыскача өмүр таржымакалы ==
'''Василий Владимирович Бартольд''' - 1869-ж. 3(15)-ноябрда [[Санкт-Петербург|Санкт-Петербургда]] орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары [[Балтика]] боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. 1887-ж. В. В. Бартольд 8-Санкт-Петербург гимназиясын алтын медаль менен бүтүрөт. Ошол эле 1887-ж. Санкт-Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар тарамы боюнча чыгыш тилдер факультетине кирет. Студент жылдары В. В. Бартольд араб, перс, түрк тилдерин терең үйрөнгөн, бирок аны Жакынкы жана Ортоңку чыгыш өлкөлөрүнүн орто кылым тарыхы баарынан көп кызыктырган. Университетте В. В. Бартольд түрколог П. М. Мелиоранский (1868—1906) жана жашы, кызмат абалы боюнча канчалык айырмачылык болсо да, мүмкүн болушунча түрколог академик В. В. Радлов (1837—1918) менен жакындашкан. Университетте эле В. В. Бартольд илим-изилдөө иштерине аралашкан. 1889-ж. В. В. Бартольд факультетте «Орто Азиядагы христиан дини жөнүндө» деген чыгармасы үчүн күмүш медалга татыган .
1891-ж. университетти бүтүрүп, В. В. Бартольд В. Р. Розендин берген кеңеши боюнча квалификациясын жогорулатыш үчүн 1891—1892-жылдарда өз эсебинен чет өлкөлөрдү кыдырат: Финляндияда, Германияда, Швейцарияда, Түндүк Италияда, Австрияда, Венгрияда жана Краковдо болот. Мекенине кайтып келгенде В. В. Бартольд «Чыгыш тарыхы кафедрасы боюнча профессор наамын алууга даярдоо үчүн» С.-Петербург университетине калтырылган (1892-ж.). 1893-ж. ал магистр илимий даражасына сыноодон өткөн . 1896-ж. приват-доцент наамын алып, Санкт-Петербург университетинде дарс окууга киришет . 1897—1901-жылдары В. В. Бартольд Санкт-Петербург университетинин алдындагы минц-кабинеттин сактоочусу да болгон.
ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары В. В. Бартольд өзүнүн негизги «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң маанилүү эмгегин жараткан . Бул эмгекти 1900-ж. күзүндө ал чыгыш тилдери факультетине магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары берген. Диссертация жактагандан кийин В. В. Бартольд университет тарабынан жогорку даражага — Чыгыш тарыхынын докторуна татыктуу болгон.