Анвар Байтур: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
2-сап:

==Кыскача өмүр таржымакалы ==

Анвар Байтур 1938-жылы 8-айдын 1-күнү Шинжаң Уйгур Автоном районунун Аксуу аймагына караштуу Көөнө шаар (Вынсу) ооданы Боздөң кыштагында малчынын үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген.

1945-жылдан 1949-жылга чейин Боздөң кыргыз башталгыч мектебинде,

1949-жылдан 1953-жылга чейин Аксуу Дарал-мугалиминде,

1953-жылдан 1956-жылга чейин Шинжаң институтунун тарых-жуграпийа факультетинде окуган.

Ал 1956-жылдан 1962-жылга чейин Мамлекеттик Эл Курултайы Улуттар комиссиясы уюштурган Шинжаң Аз сандуу улуттар коомун жана тарыхын текшерип изилдөө группасында иштеп, [[кыргыз]], [[уйгур]], [[казак]], тажик, өзбек, татар сыяктуу аз сандуу улуттардын коомдук абалын, [[этнография]]сын, тарыхын, тилин текшерип изилдөө кызматтарына катышып, 40тан ашык илимий макала жазып жарыялаган;

1980-жылдан баштап "Шинжаң менен ички өлкөлөрдүн тарыхый байланыштары", "Кыргыз адабиятынын жалпы абалы", "Кыргыздардын кыскача тарыхы" сыяктуу бир бөлүк китептерди жазып чыгарган.

==Илимий ишмердиги ==

Анвар Байтур Жуңго Коомдук Илимдер Академиясы Улуттарды Изилдөө Институтунун доценти болуп, Жуңго Орто Азия маданиятын зерттөө коому, Жуңго улуттар тарыхын зерттөө коому, Жуңго байыркы улуттар тил-жазуусун зерттөө коому, Жуңго түркий тилдерин зерттөө коому , Жуңго "Жапайы адамдарды" зерттөө коому, Жуңго түндүк улуттар философия-идеологиясын зерттөө коому, Шинжаң дуншунастык зерттөө коому, Шинжаң кыргыз тил-адабият, тарыхын зерттөө коому сыяктуу коомдордун орунбасар башчысы, туруктуу мудурлар (мүдүрлөр - Ред. ) коллегиясынын мүчөсү, туруктуу мүчөсү, редколлегия мүчөсү сыяктуу милдеттерди аткарууда.

Ал кезекте талап боюнча Жуңго Коммунисттик партиясы Борбордук Комитети Жогорку партия мектеби, Борбордук Жаштар Ынтымак Кадрлар мектеби, Борбордук кадрларды тарбиялоо институту, Борбордук улуттар институту, Шинжаң университети сыяктуу жогорку мекемелерде Жуңго улуттарынын байланыш тарыхы, Шинжаң улуттар тарыхы, кыргыз тарыхы, уйгур тарыхы жөнүндө лекция сүйлөөдө.

"[[Кыргыз тарыхы]] лекциялары" деген бул илимий эмгек Анвар Байтурдун 1983-жылы Борбордук улуттар институтунун кыргыз сыныбында сүйлөгөн лекция тезиси болуп, тунгуч ирет басмадан чыгып эл менен жүз көрүшүүдө.

Кытай жергесинде 1986-жылы Шинжаң жаштар басмасы тарабынан бир кезде (1913-1915-жылдары) Осмоналы Сыдык уулу жазып чыгарган "Кыргызыйа", "Шадманыйа" деген эки китеп бириктирилип, "Мухтасар тарых Кыргызыйа" деген ат менен өзүнчө бир китеп болуп жарыкка чыккан. Китепти Анвар Байтур редакторлоп, "Кыргызыйа жана Шадманыйа жөнүндө" деп кириш сөз жазып, бул [[санжыра]]нын баалуу жактары менен кем-кетиктерин көрсөтүп берген. Осмоналы Сыдык уулунун айтылуу бул эмгегинин экинчи өмүр сүрүшүнө, ал китептин көптөгөн окурмандарына кайрадан жетишине Анвар Байтурдун жасаган эмгеги өтө зор.

Чыгаан тарыхчы, белгилүү инсан, залкар окумуштуу Түркияга атайын чакыруу менен барып, кыргыз, уйгур, түрк элдеринин тарыхы боюнча лекция окуп жүргөн жеринен 1991-жылы дүйнөдөн кайткан. Байтурдун эмгеги менен тааныш ар бир окурман үчүн бул кайгылуу кабарды угуш оңой болгон жок. Өзгөчө, тарыхын жаңыдан иликтеп, изилдеп жаткан кыргыз эли үчүн орду толбос жоготуу болду. Деген менен анын калтырып кеткен колуңуздардагы ушул эмгеги тарыхыбыз үчүн табылгыс казына. Бул казынаны аздектеп, барктап алуу жеке эле тарыхчылардын гана эмес, атпай кыргыз журтчулугунун милдети. Бул эмгек биздин тарыхыбыздын башаты жана ар-намысы.

Ырас, китепте кандайдыр бир себептер менен түз айтуудан ийменип, кыйытып айтууга аракеттенген мисалдардын кездешерин, ошондой эле автор өзү эскерткендей айрым маалыматтардын тезис түрүндө гана берилгендигин эске алганыбызда андай мүчүлүштөрдүн шартка ылайык экендигинен улам болгондугун унутпашыбыз керек.

Кыргыз элинин тарыхын толук, так, туура жазып, аны мектеп окуучуларына, техникумдардын, жогорку окуу жайлардын студенттерине, жалпы эле коомчулукка сунуш кылуу милдети али алдыда турат

Кыргыз элинин тарыхын толук, так, туура жазып, аны мектеп окуучуларына, техникумдардын, жогорку окуу жайлардын студенттерине, жалпы эле коомчулукка сунуш кылуу милдети али алдыда турат

Булак:

==Интернеттеги шилтемелер==

* Жаныбек Жанызактын менчик сайты,

* [http://www.wikidocs.ru/preview/18287/4 Вики-документтер "Формирование кыргызского народа"]

[[Category: Персоналия]]
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Кыргыз таануу]]
[[Category:Тарыхчылар]]
[[Category:Чыгыш Түркстан]]
[[Category:Кытай]]
[[Category:Инсандар]]