Венеция: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
62-сап:
 
'''Венеция''' ({{lang-it|Venezia}}, {{lang-vec|Venesia}}) — [[Түндүк Италия|Түндүк]] [[Италия|Италиянын]] [[Адриатикалык деңиз|Адриатикалык деңиздин]] боюнда жайгашкан [[шаар]]. Шаардын тарыхый бөлүгү аралдарда жана суу өзөндөрүнө жайгашышы боюнча дүйнөгө белгилүү. [[Орто кылым|Орто кылымдарда]] Венеция [[Жер ортолук деңиз]] мамлекеттеринин бири болгон [[Венедик республикасы|Венеция республикасынын]] борбору болуп саналган. Учурда туристердин жана өнөр жай ишканаларынын ири борбору болуп саналат. Калкынын саны — 270,4 миң адам ([[2009-жыл]]).
 
== Географиясы ==
[[File:Venice as seen from the air with bridge to mainland.jpg|thumb|250px|Венециянын асмандан көрүнүшү]]
[[Адриатикалык деңиз|Адриатикалык деңиздеги порт]] - жылдык товар алмашуу көлөмү 21 млн тоннаны түзөт; [[Венеция (аэропорт)|Марко Поло Эл аралык аэропорту]].
 
Внециянын тарыхый бөлүгү [[Венедик булуңу|Венедик булуңунун]] 118 [[арал]]дарында жайгацып, 150 [[Арык (гидрография)|арыктар]] менен бөлүнүп, болжолдуу 400 [[Венециянын көпүрөлөрүнүн тизмеси|көпүрөлөр]] менен биригип турат. Алардын ичинде [[Риальто көпүрөсү|Риальто]] жана [[Вздохов көпүрөсү]], эки көпүрө тең [[XVI кылым]]га таандык.
 
Венециянын өнөр-жай жана порттук бөлүгү ([[Местре]]) материктик болуп саналат. [[Кеме куруу]] жана [[кеме оңдоо]], [[түстүү металлургия]], кара май өндүрүү, химиялык, электротехникалык, жеңил өнөр-жайы. Венецияда кол өнөрчүлүгү абдан жакшы өнүккөн, бул жерде, айнектен жасалган буюмдар ([[Мурано]]аралы; музей), токулмалар ([[Бурано]] аралы), мозаика жана башка көптөгөн буюмдарды табууга болот. Ошону менен бирге эле [[Университет]], консерватория ([[1916]]) бар. Биринчилерден болуп ачылган ([[1637-жыл|1637]]—[[1812-жыл|1812]]) опера театры, «Фениче» ([[1792-жыл|1792]]) театры орун алган
 
Аралдуу Венеция - деңиз курорту, эл аралык маанидеги туризмдин борбору, эл аралык кинофестивалдар, көркөм жана архитектуралык көргөзмөлөрдүн очогу. Шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт болуп - моторлуу кайыктар, [[гондола]]лар жана баржалар. Венецияда калктын көчүп келиши болжол менен [[V кылым б.д.ч.|б.д.ч. V кылымга]] туура келет. Ал эми шаарга массалык отурукташуу [[IX кылым]]га таандык. [[IX кылым|IX]]—[[X кылым|X кылымдардан]] [[XVI кылым]]га чейин - [[Батыш Европа]] жана [[Чыгыш (макроаймак)|Чыгыштын]] ортосундагы соода жүргүзүү борбору болуп саналган. [[Орто кылым]]дарда жана [[1797-жыл]]га чейин көптөгөн аймактарды ээлеп [[республика]] башында [[дож] турган. Ал эми [[1797-жыл|1797]]—[[1805-жыл|1805]] жана [[1815-жыл|1815]]—[[1866-жыл|1866]]-жылдары, Венеция [[Австрия|Австриянын]] карамагына өткөн. Арыктардын жана ийри көчөлөрдүн бойлорунда жайгашкан [[Венециянын чиркөөлөрүнүн тизмеси|чиркөөлөрү]] жана [[Венециянын ак сарайларынын тизмеси|сарайлары]] кымбат баалуу декоративдик кооздоолор менен кооздолгон. Борбордук аянт болгон [[Сан-Марко аянты]]нда - [[Ыйык Марктын мунарасы]] ([[IX кылым|IX]]—[[XV кылым]]), [[Дождор сарайы]] ([[XIV кылым|XIV]]—[[XVI кылым]]), [[Марчиандин китепканасы|Сан-Марконун эски китепканасы]] ([[XVI кылым]]), диний бир туугандык сарайлары, майда сиркөөлөр жайгашышкан. Шаар жана [[Венедик булуңу]] [[Дүйнөлүк мурас]] тизмегине киргизилген.
== Административдик бөлүнүшү ==
[[File:Sestieri di Venezia.svg|left|280px|Шаардын аймактарынын схемасы.]]
[[File:Houses with balconies in Venic.jpg|left|280px|Венеция үйлөрүнүн чатырлары жана балкондору.]]
[[File:VeniceCanalGrandeMariaSalute.jpg|200px|Венециянын чоң каналы]]
[[File:Venezia Rialto 0620.JPG|200px|[[Риальто көпүрөсү]]|thumb]]
 
Венециан Canalazzo, [[Гранд-канал]] (Canal Grande), S-формасын түзүп Венециянын борборунан эски нугунда агат. Анын жээктеринде Орто кылымдарда эле түзүлгөн 6 административдик аймактар (sestieri) жайгашышкан.
 
* [[Сан-Марко (Венеция аймагы)|Сан-Марко]] (San Marco)
* [[Каннарежо]] (Cannaregio)
* [[Кастелло (Венеция)|Кастелло]] (Castello)
* [[Дорсодуро]] (Dorsoduro)
* [[Сан-Поло]] (San Polo)
* [[Санта-Кроче]] (Santa Croce)
 
[[Category:Италия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Венеция" булагынан алынды