Пишпек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "ПИШПЕК – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынын мурдагы аты. Пишпектин аймагында отур..."
 
No edit summary
1-сап:
ПИШПЕК – Кыргыз Республикасынын борбору [[Бишкек шаарыныншаары]]нын мурдагы аты. Пишпектин аймагында отурукташкан турмуш 18-кылымдын акырында кайра жанданган. [[Кыргыз]] феодалдарынын ички чыр-чатактарынан пайдаланып, Кокон хандыгынын аскер башчысы Лашкер Кошбеги Чүй өрөөнүн басып алган жана Ташкенге кетчү кербен жолдун боюна [[Бишкек]] чебин курган (1825). Ал Пишпек болуп өзгөргөн. Пишпек чебинде хан аскерлери жана хандын салык жыйноочулары турган. Чептин айланасында соодагерлер, кол өнөрчүлөр жана дыйкандар жашаган кыштак болгон. Барымтага кармалгандардан башка кыргыздар Пишпекте жашаган эмес. 1860-жылы 4-сентябрда Пишпекти Верный шаарынан келген орус аскерлери убактылуу ээлеген, кийин кайра кокондук бийликке өткөн. 1862-жылы Байтик баатыр баштаган чүйлүк кыргыздар орус аскерлеринин жардамы менен Пишпекти кокондуктардан бошотуп, чепти кыйраткан. 1864-жылы Пишпек чебинин ордуна, Токмоктогу казак-орустардын башкаруу мекемелери Пишпек шаарына көчүрүлгөн. Пишпек уезддин борбору болуп калган. 1924-жылдан Кара Кыргыз автономия облусунун борбору болгон. 1926-жылы 12-майдан [[Фрунзе]] шаары деп аталган. Кыргызстан эгемендүү өз алдынча мамлекет болгондон кийин, шаар Кыргыз Респуликанын борбору болуп калды жана Бишкек деген түпкү аты 1991-жылы 5-февралда кайтарылып берилген.
== Адабият==
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Пишпек" булагынан алынды