Масихчилик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
2-сап:

Ал I кылымда пайда болгон. Андагы башкы фигура Иисус Христос - адам кудай болуп эсептеленет, ал адамдардын күнөөлөрүн көтөрүп, крестке кадалып өлтүрүлгөн эле. Ал тирилгенден кийин, асманга кайып болуп учуп кеткен.

Бул диндин ыйык китеби эки бөлүктөн: '''Байыркы жана Жаңы Осуяттан''' турган '''Инжил ([[Библия]])''' болуп саналат. Байыркы осуятка Моисейдин Беш китеби кирет. Анын биринчиси - "Тиричилик" - дүйнөнүн жаралышы, [[Адам ата|Адам]] жана Ева, дүйнөлүк топон суу, Иосиф жана египеттиктердеги туткун жөнүндө баяндалат. "Кетүү" - экинчи китеп - еврейлердин Египеттен кетүүсү, Моисей жана анын насааттары жөнүндө баяндайт, кадаа-салттардын жыйындысы болуп эсептелет.

Төртүнчүсү - "Сандар" - жана бешинчи китеп - "Экинчи Мыйзам" - еврейлердин египеттик туткундан кийинки тарыхына арналган. Анан дагы Инжилде пайгамбарлардын, соттордун жана [[Израиль]] падышаларынын китептери, Давиддин псалмалар жыйнагы, Соломондун ырлар жыйнагы, Соломондун аңыз-китептери жана башкалар орун алган.

Жаңы осуят төрт Жакшы кабардан (Евангилие): Марктын, Матфейдин, Луканын, Иоандын жакшы кабарларынан, ыйык апостолдордун каттарынан, Иоан Кудайчылдын аянынан (же "Апокалипсистен") турат.

1054-жылы христианчылык эки чиркөөгө: чыгыш жана батыш чиркөөлөрүнө бөлүнөт. Батыштагысы католиктер деп, чыгыштагысы - православлиелик деп аталып калган.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Масихчилик" булагынан алынды