Президент: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''ПРЕЗИДЕНТ''' (латын алдыда олтуруучу) 1. шайлануучу мамлекет башчысы; 2. мекемени, коомду жетект..."
(Айырма жок)

7 апрель 2012, саат 07:50 учурдагы нуска

ПРЕЗИДЕНТ (латын алдыда олтуруучу) 1. шайлануучу мамлекет башчысы; 2. мекемени, коомду жетектөө үчүн шайланган төрага; 3. корпорациянын, компаниянын жогорку кызматтагы башкаруучусу.
1990-жылы 22–30-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин кезексиз сессиясында биринчи жолу президент маселеси каралган. 1990-жылы 24-октябрда «Кыргыз ССРинде Президенттик кызматты түзүү жөнүндө» Мыйзам кабыл алынып, 27-октябрда парламент Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаевди шайлоо менен коллегиялдуу мамлекет башчысынын ордуна жеке кызмат оруну – президент киргизилген. Парламент шайлаган президенттин ыйгарым укуктарын, президенттик бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында 1991-жылы 12-октябрда көз карандысыз, эгемендүү мамл. башчысы мамл. түзүлүш жөнүндөгү маселени чечкен. 1993-ж. 5-майда эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу менен совет системасы толугу менен жоюлуп, президенттик бийлик орногон. 1995-жылы 24-декабрда элдик шайлоо жолу менен Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев шайланган. Бул Конституцияга ылайык президенттин биринчи мөөнөтү деп эсептелген. 1996-жылы 10-февралда өткөрүлгөн референдумдун негизинде президент статусунун өзгөрүлүшү менен президенттик «күчтүү» бийлик орноп, Кыргыз Республикасы парламенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөн. 2000-жылы 29-октябрда президентикке Аскар Акаев экинчи мөөнөткө кайра шайланган. 2003-жылы 2-февралдагы жалпы элдик референдумда Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевге дагы бир жолу ишеним көрсөтүлдү.
2004- жылдын 24-мартында элдик революция болуп, президенттикке Курманбек Бакиев дайындалган.
2008- жылдын 28- июлунда президенттик шайлоо өтүп, анда да К.Бакиев жеңип чыккан.
2010- жылдын 7- апрелинде кайра элдик революция болуп, бийликке убактылуу өкмөт келип, президенттикке Роза Отунбаева келет.
2011 –жылы декабрь айында Р.Отунбаева бийликти шайлоонун негизинде утуп чыккан Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди.

Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.